Жолугушуулар…

А кезде аптанын аягындагы дем алыш күндөрдү күтпөй эле жолугушууга (свиданияга) барчу элем. Азыр башка күндөрү кыйраткансып, баарын дем алышка жүктөйм. Туугандарга учурашуу, үйдөгү чарбачылык. Иши кылып жалкоолонгон иштериңдин баары дем алышта күтүп турат. Бу жолу баарын таштап кыз менен жолугушууга бармай болдум. Жогорку окуу жайды бүткөндөн бери “качан үйлөнөсүң” деген сөз учурашкандай эле болуп баратат. Үйдө жалгыз уул болгондуктан ата-энем эртең үйлөн деп кыстаса кыз таппай каламбы деген ой менен болочок колукту тандап жүргөн чагым. Илгеркидей болсо “медтен” же “педтен” уурдай качат белек? Азыр законуң күч кадимкидей камаласың. Ошо анан жолугушууга бардым, баары башкача. Кыздар эмес жолугушуулар башкача. Бүгүн байкадым окшойт. Жолугушуудан келе жатып “култур-мултур” жошооң ушубу деп ойлоп койом.
Кыш. Анда шаардын “культуру” аралашпаган тоолук баламын. Спирти көп ачуу атырга чыланып, атамдын ичигин уурдай кийип, Гүлкайырга жөнөйм. Ал кезде кайдагы телефон бир нече чакырымдан жөө келгениң аз келгенсип, ашыгыңды чакыралбай турасың анан дагы бир нече саат. Ышкырасың тишиң сынганча, суук болсо чыкылдайт. Ошо кезде жылына он кызга барсаң, анын экөө гана чыкчуда. Ага деле кайылсың, чоңойуп кыздарга барганыңа корстон болуп, жүрөсүң түн катып. Ошентип Гүлкайырым чыгат. Менден 2 класс ылдый окуган кара кыз, бирок мага сулуу. Эми ал чыккан менен жарытылуу деле сүйлөшпөйсүң, уялып бир топко үнсүз турмай. Шамаал аркырап кирет. Жеңил кийинген неме “кой үйдөгүлөр издеп калдыго” деп үшүгөнүн билгизбей кетүүгө камынат. Кое турчу дегеним менен, мен деле тоңуп калгам. Атамдын ичиги жылуу болгону менен бутта кытайдын таманы катуу “батинкесида”. Ичиңден “бүгүн болбосо качан” деп, кетээрде, суукта тоңуп калган муздак жүзүнөн өөп алсаң, эрдик кылдың. Ошентип үйгө жөнөмөй. Бир эки жылуу сөз, бир жолу бетинен өбүү үчүн бир нече чакырымдан, бир нече саат күтүп тоонун 40 градус суугунда ага барамын. Мына жолугушуунун баасы, мына чыныгы сүйүү. Эми сүйүү деле эмеско? Мейли тоок сүйүү деп койчу. Ошол тоок сүйүү ошончо барктуу эле. Баалуу жолугушуу. Азырчы?
Жаңы эле жолугушуудан келдим дебедиби, кандай экенин азыр жазам күтө тур муну бүтүрөйүн. Ал кыздан чыгып, түнкү суукта кайыгып үйгө жетесиң. Саат он же он бир, ууру мышыктай үйгө кирем. Уйку жок, түн. Бактылуумун. Себеп? Бетинен өппөдүмбү! Кызга барып келгенимди эртеси ата-энем билет. Билбей анан, уурдап кийген ичигин атырга чыласам. Апам түнкүсүн эшикке чыкпа демиш болот. Кыскасы, ушундай эле илгерки “свиданиям”. Баары жөнөкөй, сонун, кызык…
Андан бери көп болсо 5 же 6 жыл өттүгө. Азыр гелаксиден (телефондун акыркы үлгүдөгү маркасы) жаным деген “контактыны” издеп, телефондон жашыл телефондун сүрөтүн басасың.
Тууууут.
-Ало.
– Ало, бүгүн саат баланчада тиги кафеден.
– Аха, макул, саат баланчада.
Болду, кызды жолугушууга чакырыш үчүн баягыдай айылдын иттерин ойготуп ышкырмай жок. Сүрдөп, сөз даярдап, “дезодрант” себинмейда жок. Кир кийимден тазасын тандап кийип, капчыктан 1000 сомду төш чөнтөкө бөлө салып койосуң.
Таанышым “свадбада” шарик байлап алып “пиипииип” дедирип бер деп куйган анча-мынча бензинге ишенесиң. Нарын кичинекей эмеспи, жететда. Анан зуулдап жөнөйсүң. Ой, шыр жөнөп кетсең гана. Кошуналарга түрттүрүп от алдырасың тиги германдын аудисин. Бирок, жөө эмесиң дечи ичик менен баягы кыштагыдай.
Жолугушчуу жерге жеттим. Аз-маздан соң тигиним келет зуулдап. Ушул жерден бир аз ыңгайсыз. Тигиники жапондуку, сеники германдын түртөмөсү…
Тартынбай эле өбүшмөй. Беттен албетте. Учурашканыбың ушундай, чопулдашып. Чопулдашасыңда келечектеги “шефиң” менен. Жазап басып кафег кирдик
Тартынбай сүйлөп, алдыдагыны апылдатып, калп мыңкылдашып. Иши, кылып ушундай. Сүйүшкөндөрбүз, бирок сүйүү жөнүндө деле сүйлөшпөйбүз.
Күүгүм талаш, кафеден чыгабыз. Кучакташып, коштошмой. Беттин эртең жуубай деле койсоң болот. Коштошуп, көп өбүшөсүң болгон упасын тазалап
Кош бол деген белги кылып сол рулдуу унаасынын сигналын миип-пиип деп зуулдап жөнөйт. Артынан узата чаап, “повортту” үйгө бурасың.
Эми ушундай жолугушуудан көп жолу келдим. Баягы сууктагыдай сезим жок? Келип эртеңки иш күндү ойломуш болуп уктап каласың. Быш-быш…

13.12.13 Нарын шаары.

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Кийилбей кирдеген кийим…

4-мартты калпак күнү деп белгилей баштаганыбызга 3-4 жыл болуп калды окшойт. Жакшы саамалык ак калпака бир күнда болсо сый көрсөтүп койобуз. Ал күнү баардык эркек жамаат жумуштабы, жогорку окуу жайлардабы, мектептеби калпак кийип келебиз убадалашып калдык. Тыңыраагыбыз жумушта сүйлөшкөнүбүздү эстеп кечинде сандыкты аңтарып тойдон түшкөн калпактын мыктысын тандап кийип, дайындап коебуз. Шалаакыларыбыз жумуштагы калпак жөнүндө кепти кечки чоң кесме менен кошуп ичип, карт кекире уйкуга киребиз. Анан таң эрте ойгоно жанталаша бирөө жарым жакшылык менен келип калса деп оңой табыла турган жерге койгон апаңдын дагы бир тойдон алып келген кытай “синтапон” калпагы кыйшайта кийип жөнөйбүз.
Калпагы жок эле жумушка шашып бара жаткам. Алдыман бир таанышым чыгып калды. Көптөн бери көрө элек же тигинин башындагы каламадай кытай калпагынанбы таанылбай барып учурашып калдым.
– Ой эмне калпагын жок? Патриот эмесиңби? – деп адыраңдайт. Жанында досу бар, Анысынын чачы өзүнчө эле “гуженпо”. Топоздун мамалагына кийгизип койгондой капактын этегинен чачы куюлат. Жооп күткөнсүп сары тишин ырсыйтып мени карайт.
– Ата бабам аздектеген баш кийимге азырынча менин башып татыктуу эмес экен. Баштын ичинде эч нерсе жок, кечинде кийип көрсөм, башы жок калпак болуп калат экен. Ак калпактагы чекчейип туруш үчүн баштын ичин кичине толтуруп койуш керек окшойт. – деп басып кеттим.
Ал ал болду, анан көчөдө ал күнү калпакчандар жайнайт. Майрам десе ашынып кеткен жайыбыз бар эмеспи, балдар түгүл айрым “патриот” кыздар да кийип алыптыр. Кий, кий баса кийип ал, эркектин кийиминен кие элек калпагы эле калган эмеспи. Кимиси кийсе мейли эми дейсиңда, эркиндиктин чегинен өтүп өзүм билем коомунда жашап жатсак, бирөөгө бир деме дештен деле коркосуң. Таң гөрү байкасаң ар кандай калпактар эй, жакшысы, мыктысы, агы, карасы, жашылы… жукасы.
Калпактын түрү менен кошо бу кытайдын калпактары да жайнады. Аларды деле эч ким кийбейт, болгону жакшылыктарда көңүл алчу жүгүртмө десек болот. Айрыкча күзүндө кытай калпактары кыкеңдин тойлорунда эстафета буюмуна айланат. Бирөө бирөөнө берет, ал бирөөнө берет. Андай жүргүтмө ар кандай колдон өтөт. Кара колдон, таза колдон, чучук жеген колдон, мас колдон… Ошентип жүрүп кирдейт. Кайран кийилбей кирдеген кийим дейсиң.
Кирдеп, пайдага жарабай калганды эмне кылабыз? Мындайда кыкең оокатчыл, бышык боло калганда кантесиң. Эми андан ары анын жашоосу мончодо өтөт. Парга киргенде сонун экен деп колтугунда калпак кыскан, дырдайгандарды көрөсүң.
Кайран кор болгон АК КАЛПАК, сенин баркыңды билип анан майрамдасак…
4-март. 2014-жыл. Нарын шаары.

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

25 жаш…

Кычап кычыраган кышта төрөлгөн экенмин. Апамдын мага чейин төрөгөн баласы токтобой ошондон атымды Токтосун дешкен тура. Мени дагы өлөт-өлөт болуп, киши болоорума жалгыз апам ишенип көргөзбөгөн догдуру, барбаган бүбү-бакшысы калбайт. А кезде Кашпировскийдин теледен берген сеанстарына калбай катышчумун деп калат апам. Ошентип, ыйлаак, чычкак кенедей итий кара баласы бүгүн 25 келди. Бирөөгө жигит, бирөөнө дос-тууган, теңтуш, кесиптеш болду. Аздыр-көптүр эл катарына кошулду. Кудайга шүгүр. Апама рахмат!
Өзүм туулган күн өткөргөндөрдүн катарына кирбейм. 8 классымда туулган күн белгилейбиз деп классташтар вино ичип суукта өлүп кала жаздаганымды эсте калыптыр. Кудай акы андан бери туулган белгилей элекмин. Бүгүн деле мен үчүн кадимки иш күн болду. Кутуктоолорго жооп берип, макала, жаңылык жазып дегендей.
Билинбей убакыт учат экен, эми бир жашка чоңойдум. Жашоомдо бактылуумун, баймын, кудайга ыраазымын. Өйдөдө өбөк болчу ата-энем, ылдыйда жөлөк болчу туугандарым, досторум, кесиптештерим бар. Өзүм тандаган десем калп айткан болом, тагдыр буйруган жумушум турат. Алдыда асыл максаттар. Адамга эң керек болгон алты саным аман…
Мага калоо-тилек кылган баардык досторума рахмат!
Замандашыңар Токтосун Шамбетов

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Бакыт беле?

do_you_know_1
Сезим анда күчтүү эле чынында
Кылым жашап, терең кеткен тамырдай
Колдо турган бакыт кушум кармалбай
Учуп кеттиң алыстарга закымдай
—————————————————
Алсыз белем? ал сезимдин алдында
Сүйүү турат таш боор тагдыр торунда
Татпасакда сүйүү балын, жыргалын
Бакытым деп билем сизди азырда
————————————————–
Кош дедим, сиз деле кош дедиңиз
Үзүлдүбү? араң турган сезимибиз
Жашоомду биратоло жарык кылып
Кирбесеңиз анда неге жолуктуңуз
—————————————————
Бакытымды бекем кармап колума
Баскым келди, каршы турган тагдырга
Бирок, турмуш чырмап темир чынжырга
Кечириңиз… багындым мен баарына
—————————————————–
Бакыт беле ошол биздин кездешүү…
Анда неге болду аягы коштошуу
Үмүтүм акталаар деп сизди күткөн
Күндө карайм чогуу баскан ал жолду

25.01.14-жыл. Нарын шаары.

Posted in Ырлар | Tagged | Leave a comment

Дин ыйык, ал жүрөктө болуш керек

Акыркы убакта дүйнөдө, анын ичинде өлкөбүздө дин жөнүндө көп жазыла, айтыла баштады. Гезит-журналдар, теле-радиолордо талкуулар дагы байма-бай берилет. Бир жагы ислам дини тигиге чек койот, буга чек койот, ал мыйзамдарына баш ийбесең акыры коркунучтуу кадамдарга барышат экен бу мусулмандар деп чочутушат. Экинчи жагы актанып, исламдын жаманатты кылгандар бар, мунун баары батыштын саясаты, дин душмандары тозоко түшөсүңөр деп коркутушат. Иши кылып социалдык тармакта, коомдо деле күн сайын динди талкуулап кер-мур айтыштарга күбө болосуң.
Кудай өзү кечирсин! Адамга ыйык деп берилген дин жөнүндө жазбай койсом туура болмок, бирок жогорудагыдай жазылган талкуу-талаштар айланамда күч ала баштады. Узун-узун көйнөк кийген, сакалы сапсайган, башынан топу, бутунан масы-көлөч түшпөгөн ашынган динчи тааныштарым бар. Анан эч динден кабары жок, бирок өзүн мусулманмын дегендер менен дагы таанышмында. Эми экөөнүн бир жерде чогуу болушунан чочулап калдым. Өткөндө бир жерден талаштын аягы жакалашканга чейин жетип, анан басылды. Талаш эмне? Баягы эле “намаз окубасаң тозоко түшөсүң” десе, беркиниси “силер тероррсуңар, караңгысыңар”. Анан сөздүн аягы барып эле батыштын саясатына такалат. Эки кыргыз урушуп жатабыз дагы, анан бирөөнү күнөөлөп койобуз. Батышты дагы бул жака кыпчып.
Сөз башында айта кетейин, дагы бирөөнү саясатын жүргүзүп жатасың дешиңер толук мүмкүн. Бирок, чолок акылымдын жетишинче, ичимдеги ойлорду айтууга акым барда.

Эй, бир тууганым, исламга көлөкө түшүп жатканы ошол сен айткан батыштын саясаты эмес өзүбүздө болуп жүрбөсүн? Ойлонуп көрчү. Окусаң билесиңда ыйык китеп куранда алгачкы сөздөр “окуу, окуу жана окуу” деп башталат. А сен бүгүн эмне кылып жатасың? Курандан чала-була эки-үч сүрө жаттай коюп, “чыныгы мусулман ушундай экен” деп арабдын шалбырагын жонго илип, даваат деп дарбаза какылап жүрөсүң. Айылда сен жөнүндө мындай шылдың кепти уга элексиңби?
– “Дааваттыңар жаз-күз жумуш кычаганда, жумуштан качканга жакшы шылтоо экен”. Үйдө үй-бүлөң ачка, короо-жай калган каралбай. Жүрөсүң 40 күндөп талаа-түздө, же өзүң эле дин жөнүндө тыңыраак билсеңчи. Өткөндө дарбаза кагылат, чыксам даваатчылар: “мечитке чакырып келдик эле” – дейт. Суроо бердим: “күндө кирген, жадакалса кээде түнөп калган үйүңөр мечиттин чатырындагы ай менен жылдыз белги эмнени түшүндүрөт?”. Жаман көзү менен карап басып кеттишти, сыягы билбейт окшойт. Эй дааватчы! Орустун 3 класс кызы чиркөөсүндөгү белгинин түшүндүрүп берет. Мечиттин чатырындагы ай менен жылдыз кооздук үчүнбү же мааниси барбы? Жок дегенде ошону билип алсаң боло бай болгур – деп айткым келди. Бир күнү жумуштан келе жатсам, кошуна эже алдымдан чыгып: “ай тиги балам күндө эле жанагы салбырактар менен мечитке жөнөйт, жаз келе жатат жер айдоо башталганда дааватына эрчитип кетпесе болду” деп сарсанаа.
Анан азыр жасалма мусулман болууга өттүк. Намаз окуганды, хижап кийгенди, кала берсе ажыга барганды мода кылып алдык. Мен тааныган балдар бар мечиттен чыгып эле бетке экинчи масканы тагынат. Бир күнү карасаң намазда, эртең эле көчөдө мушташып, ичип, киши тоноп жүрөт. Хижап кийип алган кыздар бар, ислам жөнүндө түшүнүгү тегерек нөл. Эмнеге кийгенин же эмне кийим экенин билбейт. Же чала молдо атасы кыйнап кийгизип койгон.
Исламда айтылган экенго “мусулман бай жашашы керек”. Азыр заңгыраган там, кычыраган машине айдаган мусулмандар аз. Тескерисинче ошол тамда жалданып иштеген, ошол машинени жууп иштеген мусулмандар көп. Албетте биз жата беребизда кудай берет деп. Тигини иште десе “харам” муну кыл десе арам деп койуп.
Мындай мисал келтире берсем толтура. Демек, исламга көлөкө түшүрүп жаткан ким экен? Ислам акырыкы жана таза дин болуп жайылышына тоскоол болуп жаткан ким экен? Албетте сен жана мен, сенин жүрүш-турушуң, менин жүрүш-турушум. Себеби биз мусулманбыз. Биз диндин күзгүзүбүз. Башкалар исламды биз аркылуу көрөт, баалайт. Эгер сенин сакал-мурутуң кыркылуу, кийимиң таза-тыкан, дин илимиң терең, жүрүм-турумуң үлгүлүү болсо мунун өзү үндөө үлгү эмеспи же сен айткан дааватда.
Келгиле достор, бирөөгө өз динибизди таңуулоодон мурун өзүбүз жакшылап үйрөнүп алалы. Исламда балаңды мектепке жибербе, сөзсүз узун кий, үй-бүлөңдү таштап койуп даваат айт, өлтүр, жардыр деген бар бекен? Ошондой жерин тапсаң мурдумду кесип берейин. Исламбы, християнбы, буддабы дин ыйык. Динибизди жүрөктө сактайлычы.

16.10.13-жыл. Нарын шаары.

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Ата-Эне

523363_251710144930404_1656306997_nУстастардын бири айтып берген эле. Болгон окуя, эринбей окуп койуңуздар.
Бир күнү мечитке 4-5 класста окуп калган бир бала келди. Мурдунан суу куйулган, карегине жаш толуп турат. Тартынбай жакын келип “силер дуба кыласыңарбы” деп сурады. – Оба, кел келегой кимге дуба кылыш керек эле – деп ичке киргиздим. Ата-энеме… сөзүнүн аягы жок мукактанып сүйлөдү бала. Ата-энең кайда? эмне болду эле? дедим мен. Оор үшкүрүнүп алып, “ата-энем Москвада, аларды сагындым, көрө элегиме көп болду, алардын ден-соолугу, амандыгы, иштери жакшы болуп тезирээк кайтып келиши үчүн дуба кылып бериңиздерчи..” жалооруй карады. Андан ары эч нерсе сурай алган жокмун, бир нерсе дей турган болсом эле ыйлачуудай болуп турду. Жаныма отургузуп, курандан узун-узуун сүрө окуй баштадым. Узун сүрө бүткүчө тыпыйган алаканын жайып ыйлап отурду. Көзүнөн аккан жаш жүзүн жууп жатты. Кичине баланын үнүн чыгарбай мынча жаш төкөнүн көргөн эмесмин. Акыры куран бүткүчө жеңи менен жүзүн тазалап, сууланышкан кирпиктери менен күлүмсүрөп ордунан турду да -“атайын чогултум эле, рахмат, дубаңыздардын акысын алып койуңуздар, азырынча ушунча эле болуп калды…” деп чөнтөгүнөн тыйындарды алып чыгып быйтыйган колдору менен мага сунду. Ошол жерден карманалбай калдым… бекем кучактап балага көргөзбөй ыйлап жаттым…
Ата-энемдин амандыгы үчүн акыркы жолу качан дуба кылдым эле? Эстей албай жатам… Жумуш, кызмат, ийгилик, акча деп жүрүп… Азыр апама чалам, кел сен дагы байланыш, ахыбалын сура, жөн эле рахмат айт. Бүгүн көргөн эртең жок… Азыр апам айылда басса-турса амандыгымды тилеп жүрсө керек…
16.01.14 Нарын шаары.

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Мен эми өзгөрдүм…

do_you_know_1
Таң калып жатсаң керек? Балким, жолуксак тааныбай каласың. Оба, өзгөрдүм. Өзгөргөнүмө сенин тиешең бар. Сен өзгөртүң. Бирок, жаман жагына өзгөрүп, жаман адам болгонум жок. Болгону сенден үмүтүмдү үздүм. Сенден эмес… сенин мамилеңе кайдыгермин.

Жашоом өз нугунда кетип барат. Сапарда жалгызмын. Алдымдан тосуп чыксаң балким, чогуу кетээрбиз…жетелешээрбиз. Бирок, эч качан артымды карабайм, сага барбайм, күтпөйм.

Кечир дечүүсүн, кээде кечир дечүмүн. Кечиришүүлөр миң жолу кайталандыго? Баягы эле сценарий, баягы эле тасма… Болду! Эми урушкум да, элдешким да келбей турат. Жолубуз кесилишээр, бирок кошулбай калдыго?

16.12.13 Нарын шаары.

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Бир дарак

do_you_know_7
Булуттар кетти алыстап
Буулугуп калды жалгыздап
Асманды карайт жалдырап
Жагырды күткөн бир дарак

Булуттар калкыйт алыста
Туруштук бербей шамаалга
Ак жамгыр болуп төгө албай
Себелейт алсыз жай гана

Куурайтко суусуз ал дарак
Күбүлүп түшүп жалбырак
Алсырап араң тамыры
Жамгырды күтөт зарыгат

Дарактан үмүт үзүлбөйт
Келбесин билсе не күтөт…

05.01.14 Нарын шаары.

Posted in Ырлар | Tagged | Leave a comment

Аргасызмын

do_you_know_3
Айта албаймын, “калыңыз” – деп жалбарып,
Узабайтко, көпкө деле мамилебиз кармалып.
Жөн гана сизда мени, мен да сизди аядым,
Экөөбүз тең сезип турдук, бул баяндын аягын.

Анда эмне? ажырайлы түбөлүккө дейликпи?
Же болбосо жетелешип тээ алыска кетикпи?
Бара жатып тоскоолдуктан ажырашып кетсек да
Ишнениңиз, өмүр бою сүйүп өтөм мен сизди…

07.01.14 Нарын шаары.

Posted in Ырлар | Tagged | Leave a comment

Ошол күнү “сиз” дегим келбей турду

do_you_know_9
Ошол күнү “сиз” дегим келбей турду
Өзүмдөн улуу экенин көрүп туруп
Көздөрүм көздөрүңө чагылышып
Отурдуң, сен деле сезип, туйуп

Ошол күнү “сиз” деп турдум
Сөздөрүмдү улам-улам буруп турдуң
Сезимдер бир кайыкта болгон менен
Сүйүү көлүн сүзө албасын билип туйдуң.

04.01.14 Нарын шаары.

Posted in Ырлар | Tagged | Leave a comment