Сенсиз күндөр…Уйкусуз узун түндөр. Баары мен үчүн кызыксыз өтүп жатат. Жүрөктөгү алоолонгон сүйүү оту, акырындан бүлбүлдөп жанган шамга айланды. Ошол шамды өчүрбөй дем күч берген жалгыз үмүт. Үмүт…оба үмүттөнүп жолду карайм. Күтүү мен үчүн көнүмүш адат болдубу? Мен сени сагындым…Ошол бактылуу күндөрдү кайтаруу үчүн баарын жазагым келет. Бирок…
Эстөө…Өткөндү эстөө мен үчүн кыйын эмес. Ошондогу сүйүүбүзгө асмандагы ай, шаркырап аккан суу, чайыттай ачылган күн күбө. Ал убак көз алдыма кинодогу тасмадай тартылат. Бир кездеги мага арнаган ыйык сүйүүң, таза сезимиң кайда кетти? Мен анда бактылуу элем. А бүгүнчү…
Таң эрте ойгоноор менен телефонду карайм. Сенин номуруң менен келген тааныш билдирүүнү издейм. Жок…Бүгүн дагы жок. Мындай күндөрдүн кайталанганына көп болдуго? Күндүз кечке сенден коңгуроо күтөм. Анан, биратоло түңүлсүн дедиңби, түшүмөда кирбей калдың. Жан дүйнөм канчалык кыйналбасын, акыркы күчүмдү жыйнап өзүмдү колго алып келем.
Сага көп нерсе айткым келет. Бирок кантип? Ошондо ак барак алып, түн бир оокумуна чейин сага ыр жазууга киришем. Менин сүйүү ырларымдагы каармандын көбү сенсиң. Чыгармачылыгымдагы өлбөс-өчпөс теманын бир ал-сен! Оба, сен деп билгим берекем. Мен сени күтүүдөн, сага арнап ыр жазуудан эч тажабайм жаным. Балким бир күнү…