Айлуу тундө ак барака арман айтып,
Чиймелеп бир нерсени жазгансыймын.
Жоголгон махабатым кайра кайтып,
Келчү жолду ыр менен кургансыймын.
Жаркырап чыккан күндүн нуру менен,
Күнүгө мен бетиңдең сүйүп кетем.
Өмүрүмдө көргөн күнүм буткүчөктү,
Эч унутпай, жүрөктө сүйүп өтөм…
Кычыраган кыш өтүп жаз келгенде,
Эң алгач жер бетине чыккан гүлдө.
Өчпөс менин махабатым деп билгинин,
Дайым жазда биринчи гүл көргөнүндө.
Билесиң, мен өзүмдү күнөөлбөйм.
Сүйүү үчүн мен алдыңда чөгөлөбөйм.
Тек гана сыртымдан күлүп койуп,
Жан дүйнөмдө махабаттын уусун ичем.
Сүйөт жүрөк, ээ бербей акылыма ,
Күйөт жүрөк, мойун сунуп жалгыздыка.
Мен жашоомдо армандуу өтсөм дагы,
Сен эми бактылуу бол махабатта…