Жөн эле

Уйку уктап, ныксырап тоюп алып,
Бир жоолукка тебетей болуп алып,
“ЖӨН ЭЛЕ” бутун чоюп жаткандар бар
Тыңшагычты кулакка коюп алып.

Бөксөрүп, калыбынан төгүлгөн бар,
Төгүлүп, бирок кайра көбүргөн бар.
Келгенсип, кетерин да капарга албай,
“ЖӨН ЭЛЕ” жашап жаткан өмүрлөр бар.

Алысты жакындатаар кадамдар бар,
Алдууну алсыратар замандар бар.
Билинбей көпчүлүктүн арасында
“ЖӨН ЭЛЕ” “иштеп” жүргөн адамдар бар.

Алибетте оендор бар, ойрондор бар,
Теринин бир бучкагын чойгондор бар.
“ЖӨН ЭЛЕ” эле эркек болуп калган үчүн
“ЖӨН ЭЛЕ” аял алып койгондор бар.

Томсоргон бар, анан да күлгөндөр бар,
Тоодой жүктү жонуна үйгөндөр бар.
“ЖӨН ЭЛЕлер” ургаачы аты болгон үчүн
“ЖӨН ЭЛЕ” эрге тийип койгондор бар.

Кеп кылаар сөзбү дебе ушу дагы
Эй, элимдин эртеңки кыз-уланы!
“ЖӨН ЭЛЕ” жетпесин түбүбүзгө,
“ЖӨН ЭЛЕ” ден эртерээк кутулалы.

Эсенгул Ибраев 19.03.01

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жактырган ырларым. Bookmark the permalink.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *