Ата-Эне

523363_251710144930404_1656306997_nУстастардын бири айтып берген эле. Болгон окуя, эринбей окуп койуңуздар.
Бир күнү мечитке 4-5 класста окуп калган бир бала келди. Мурдунан суу куйулган, карегине жаш толуп турат. Тартынбай жакын келип “силер дуба кыласыңарбы” деп сурады. – Оба, кел келегой кимге дуба кылыш керек эле – деп ичке киргиздим. Ата-энеме… сөзүнүн аягы жок мукактанып сүйлөдү бала. Ата-энең кайда? эмне болду эле? дедим мен. Оор үшкүрүнүп алып, “ата-энем Москвада, аларды сагындым, көрө элегиме көп болду, алардын ден-соолугу, амандыгы, иштери жакшы болуп тезирээк кайтып келиши үчүн дуба кылып бериңиздерчи..” жалооруй карады. Андан ары эч нерсе сурай алган жокмун, бир нерсе дей турган болсом эле ыйлачуудай болуп турду. Жаныма отургузуп, курандан узун-узуун сүрө окуй баштадым. Узун сүрө бүткүчө тыпыйган алаканын жайып ыйлап отурду. Көзүнөн аккан жаш жүзүн жууп жатты. Кичине баланын үнүн чыгарбай мынча жаш төкөнүн көргөн эмесмин. Акыры куран бүткүчө жеңи менен жүзүн тазалап, сууланышкан кирпиктери менен күлүмсүрөп ордунан турду да -“атайын чогултум эле, рахмат, дубаңыздардын акысын алып койуңуздар, азырынча ушунча эле болуп калды…” деп чөнтөгүнөн тыйындарды алып чыгып быйтыйган колдору менен мага сунду. Ошол жерден карманалбай калдым… бекем кучактап балага көргөзбөй ыйлап жаттым…
Ата-энемдин амандыгы үчүн акыркы жолу качан дуба кылдым эле? Эстей албай жатам… Жумуш, кызмат, ийгилик, акча деп жүрүп… Азыр апама чалам, кел сен дагы байланыш, ахыбалын сура, жөн эле рахмат айт. Бүгүн көргөн эртең жок… Азыр апам айылда басса-турса амандыгымды тилеп жүрсө керек…
16.01.14 Нарын шаары.

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө and tagged . Bookmark the permalink.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *