Кычап кычыраган кышта төрөлгөн экенмин. Апамдын мага чейин төрөгөн баласы токтобой ошондон атымды Токтосун дешкен тура. Мени дагы өлөт-өлөт болуп, киши болоорума жалгыз апам ишенип көргөзбөгөн догдуру, барбаган бүбү-бакшысы калбайт. А кезде Кашпировскийдин теледен берген сеанстарына калбай катышчумун деп калат апам. Ошентип, ыйлаак, чычкак кенедей итий кара баласы бүгүн 25 келди. Бирөөгө жигит, бирөөнө дос-тууган, теңтуш, кесиптеш болду. Аздыр-көптүр эл катарына кошулду. Кудайга шүгүр. Апама рахмат!
Өзүм туулган күн өткөргөндөрдүн катарына кирбейм. 8 классымда туулган күн белгилейбиз деп классташтар вино ичип суукта өлүп кала жаздаганымды эсте калыптыр. Кудай акы андан бери туулган белгилей элекмин. Бүгүн деле мен үчүн кадимки иш күн болду. Кутуктоолорго жооп берип, макала, жаңылык жазып дегендей.
Билинбей убакыт учат экен, эми бир жашка чоңойдум. Жашоомдо бактылуумун, баймын, кудайга ыраазымын. Өйдөдө өбөк болчу ата-энем, ылдыйда жөлөк болчу туугандарым, досторум, кесиптештерим бар. Өзүм тандаган десем калп айткан болом, тагдыр буйруган жумушум турат. Алдыда асыл максаттар. Адамга эң керек болгон алты саным аман…
Мага калоо-тилек кылган баардык досторума рахмат!
Замандашыңар Токтосун Шамбетов
Рубрикалар
Архивдер
Пикирлер
- toktosun (Биринчи уюлдук телефонум…)
- toktosun (Түн…ойлор… “Көңүл барагы”)
- toktosun (Түн…ойлор… “Көңүл барагы”)
- Венера (Түн…ойлор… “Көңүл барагы”)
- Гульзат (Түн…ойлор… “Көңүл барагы”)
Башкаруу
journalist.kg
- «Журналисттер» коомдук бирикмеси IFEXтин Жалпы жана Жылдык жыйындарына катышты
- WhatsApp мессенжеринин медиалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү
- Изденүү жолундагы «Ноокат таңы»
- WhatsApp’ты бузуп кирүүдөн кантип коргосо болот жана болбой эле аккаунтту бузуп киришсе эмне кылуу зарыл. Коопсуздук боюнча кеңештер
- Дагы бир этикалык кодекс. Бул жолу – гендердик
Кыргыз маданият борбору