Category Archives: Жан дүйнө

Жан дүйнө барагы

Жолугушуулар…

А кезде аптанын аягындагы дем алыш күндөрдү күтпөй эле жолугушууга (свиданияга) барчу элем. Азыр башка күндөрү кыйраткансып, баарын дем алышка жүктөйм. Туугандарга учурашуу, үйдөгү чарбачылык. Иши кылып жалкоолонгон иштериңдин баары дем алышта күтүп турат. Бу жолу баарын таштап кыз менен … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Кийилбей кирдеген кийим…

4-мартты калпак күнү деп белгилей баштаганыбызга 3-4 жыл болуп калды окшойт. Жакшы саамалык ак калпака бир күнда болсо сый көрсөтүп койобуз. Ал күнү баардык эркек жамаат жумуштабы, жогорку окуу жайлардабы, мектептеби калпак кийип келебиз убадалашып калдык. Тыңыраагыбыз жумушта сүйлөшкөнүбүздү эстеп … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

25 жаш…

Кычап кычыраган кышта төрөлгөн экенмин. Апамдын мага чейин төрөгөн баласы токтобой ошондон атымды Токтосун дешкен тура. Мени дагы өлөт-өлөт болуп, киши болоорума жалгыз апам ишенип көргөзбөгөн догдуру, барбаган бүбү-бакшысы калбайт. А кезде Кашпировскийдин теледен берген сеанстарына калбай катышчумун деп калат … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Дин ыйык, ал жүрөктө болуш керек

Акыркы убакта дүйнөдө, анын ичинде өлкөбүздө дин жөнүндө көп жазыла, айтыла баштады. Гезит-журналдар, теле-радиолордо талкуулар дагы байма-бай берилет. Бир жагы ислам дини тигиге чек койот, буга чек койот, ал мыйзамдарына баш ийбесең акыры коркунучтуу кадамдарга барышат экен бу мусулмандар деп … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Ата-Эне

Устастардын бири айтып берген эле. Болгон окуя, эринбей окуп койуңуздар. Бир күнү мечитке 4-5 класста окуп калган бир бала келди. Мурдунан суу куйулган, карегине жаш толуп турат. Тартынбай жакын келип “силер дуба кыласыңарбы” деп сурады. – Оба, кел келегой кимге … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Мен эми өзгөрдүм…

Таң калып жатсаң керек? Балким, жолуксак тааныбай каласың. Оба, өзгөрдүм. Өзгөргөнүмө сенин тиешең бар. Сен өзгөртүң. Бирок, жаман жагына өзгөрүп, жаман адам болгонум жок. Болгону сенден үмүтүмдү үздүм. Сенден эмес… сенин мамилеңе кайдыгермин. Жашоом өз нугунда кетип барат. Сапарда жалгызмын. … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Түн…ойлор… “Көңүл барагы”

Бүгүн негедир жумуштан кеч чыккым келди. Мына азыр саат 02:31 болду. Атайын кеч калдым. Жалгыз болгум келди. Көчөдө эч ким калбай калышын күттүм. Көчө жарык, бири-бирин улай үргөн иттин үндөрү, эки сүйүшкөн жаш кучакташа алдыда келе жатты. Кесилиште топтошкон балдар, … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | 4 Comments

Мени өзгөрткөн “артыкчылык”…

Экзамендердин баарысын 5ке тапшырып, класс боюнча жалгыз мен артыкчылык күбөлүк алаарымды мактана айтпасамда, өзүмчө ичимден корстон болуп жүргөн кезим. Баарыбыз күткөн, 9 – классты бүттү деген күбөлүк колго тиер күн келди. Ал күнү таң эрте ойгоно, күн мурунтан атайын даярдалган … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Азия-Микс чын эле кыргызды шылдыңдадыбы?

Фейсбууктан бир адам жөн гана кечээки Москванын жогорку лигасында ойногон Азия-Микс командасынын тамашасына өз пикирин жазды. Мына кызык, анан туш тараптан алардын сындап, тепкилеген пикирлер жаады. Аларды айрымдары маңкурт, кем акылга дагы теңеп ийишти. Анан бул кичинекей блогду жаздым. Мен … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Биринчи уюлдук телефонум…

Окуу анан жумуш – деп жүрүп Ат-Башыга, ата-энеме сейрек барам. Жаз келгени адаттагыдай эки-үч күнгө айылыма барып калдым. Биздин айыл жаңы конуш болгондуктан, мен бала чакта отузга чыкпаган түтүн жашачу. Азыр жүзгө жетип калды дешет. Ошол кезде ошол отуз түтүндүн … Continue reading

Posted in Жан дүйнө | Tagged | 8 Comments