Биринчи уюлдук телефонум…

Окуу анан жумуш – деп жүрүп Ат-Башыга, ата-энеме сейрек барам. Жаз келгени адаттагыдай эки-үч күнгө айылыма барып калдым. Биздин айыл жаңы конуш болгондуктан, мен бала чакта отузга чыкпаган түтүн жашачу. Азыр жүзгө жетип калды дешет. Ошол кезде ошол отуз түтүндүн балдарына, көчө толуп турчу. Айрыкча жаз айында “чүкөнүн” планын толтураар элек. Азыр ошол балдар эр жетип, ар кимиси ар жакта, өз арбайын согуп жүргөн чыгаар. Негедир ошол бала чактагы кошуна досторду эстеп, көргүм келди. Көчөгө чыктым, эч ким жок… Алар жок эмес, чын эле эч ким жок. Биздей ойногон бала жоктой сезилет. Анан кичүү инимди урушкан апамдын сөзүн эстедим: “Келери кечке телефон чукулабай, сыртка чыгып баладай ойносоң боло!”

Биздин балалык кызыктуу экен… Таң эрте ойгонуп, бир чөнтөктө чүкө, экинчисине нан салып алып, көчөгө зуу койчумун. Жумуштан калгансып, көздү чылпактатып досторум даяр турат. Кар ээрип калган жерге, чөнтөктөгү байлыгынды тизип, чүкө атууга киришмей.  Улам чүкө атып, улам нандан бурдап жеп, жата калып арыктагы суудан ичмей. Оюн кызыгына келип калган маалда, үй жактан апамды үнү угулат: “Току-уу, ай бас үйгө, сүт ичип алып, торпокту аркандап, жөжө кайтар!” Башка балдардын деле жумушу ушуга окшош. Кайра кезигишчүү жерди болжошуп, топо-чаң болгон бети колду көлчүкө жууй салып үйгө сызмай. Жөжөнү деле кыйратып кайтармай жок, кичине көз салмыш болуп, апам айткан “азкырыктар” менен кайра оюнга киришмей.

Азыркы балдар компүтердин же телефондон жаңы чыккан оюндар жөнүндө сүйлөшөт. А биздин убакта саналуу гана оюндар: “кубалашмай”, “казактар жана каракчылар”, “тах-тах”, “жашынмай”, “чүкө” ж.б ушул сыяктуу. (бул оюндар көп ойнолчу, ошондуктан эсте калыптыр). Күн чыга электе үйдөн чыгып, ошо бойдон күн баткыча, үй бетин көрбөй ойночумун. Окуп калган учурда мектептен келип, чала-була чай ичсем ичип, ичпесем кургак нанды бурдап сугунуп, сыртка жөнөмөй. Бирөө керек болсо короосуна жакындап, көчө жаңырта, атын айта кыйкырып, чакырып аласың. Теледен жаңы мултьфильм же кино көрсө бир ай баарыбызга айтып бергенден тажачу эмес. Анын айтып бергенин акылыбыз жеткиче талкуулачу элек. Мен жаңы (баевик) кино көрүп калган учурумда өзүмдү бактылуу сезээр элем, кинону өзүм тарткандай.  Кээде көркөмдөп кошуп айтып берип койчум. Ал кезде “рассвет” деген кара-ак түстүү гана телевизор бар элего. Кээ бир үйдө ал дагы жок болчуда. Анан жаңы кино чоң жаңылык эмей эмне болуптур. Ал кездеги кайталап көгөндөн тажабаган мултьфильм “Ну погоди” (башка жок болсо керек дейм). Анан Вандам, Жеки Чан дегендерди кумир тутчу элек. Жеки Чандай кыйын болобуз деп “атамандык” талашып көз көгөрүп, көйнөк айрылганча мушташчубуз. Бирок үйгө: “жыгылып кеттимден” башка айтмай жок. Ким менен мушташканыңды, немиске түшкөн партизандай ооз ачпайсың. Көгөргөн жердин оруусу басыла электе, кайра душманың менен элдешип аласын. Таш менен башыңды жара койсо да, кек сактамай ойго келбейт.

Айтору, уйку канып, курсак тойсо башка көйгөй жок эледа. Оюнчук керекпи? зымдан же жыгачтан жасап аласың, кээде таш деле жарай берчү. Футболду өзүбүзгө ыңгайлуу эреже менен ойночубуз. Ысып сууга түшкүң келсе, арыктын терең жери басейн. Курсак ачтыбы? Чөнтөктө нан дайыма белен. Зеригип кетсең корооз уруштурасың. Тамаша кылгың келсе кыздардын көзүнчө досуңдүн шымын шыпырып ий. Чөп тартып келе жаткан арабага ээсине көрүнбөй жармашып алууда чоң эрдик эле. Жакшы көргөн кызыңдын чачынан таркыламай жигиттик сапатка жатчу. Чиркин…анда баары башкача…ак…таза…бийик… жөнөкөй…

Мен баштап бердим, сен балалыктын мынданда кызыктуу убактарын эстеп жатсаң керек.

Ушунун баары мен окууну аяктап, айыл менен коштошуп, “биз менен сүйлөшүп тур” – деп апам сатып берген алгачкы уюлдук телефон менен буткөндөй. Көрсө апам ошол телефон менен кошо ЖАШОО деген чоң кеменин ачкычын берген тура. Андан бери арадан алты эле жыл өттү.

Бирок…

– Азыр самалетко түшсөм дагы, ошол арабага жармашкандай сезим жок.

– Телефон аркылуу океандын ары жагында жүргөн досум менен байланышсам дагы, ошол ата-энеси (сыртка чыкпасын деп) камап кеткен досум менен кыйкырып терез аркылуу сүйлөшкөндөй сезим жок.

– Азыр жакшы айлык маяна алсам деле, ошол чөнтөк толо чүкө утуп алгандай сезим жок.

– Азыр компүтердин эң мыкты машине жарыштырган оюнун ойносом дагы, ошол кездеги чыгырык тегеретип жарышкандай сезим жок.

– Азыр дүйнөлүк белгилүү хит кино көрбөйүн, баары бир ошол кайталап көргөн “Ну погоди” башталгандай сезим жок.

– Азыр ресторондан шумдук даамдуу тамак ичсем дагы, курсак ачкан кезде чөнтөктөн каткан нанды таап алгандай сезим жок.

-Азыр заманбап компүтер, телефон, авто унаа сатып алсам деле, ошол кездеги жыгачтан машине жазап алгандай сезим жок.

-Азыр бирөөнү таш менен башын жармак турсун, жаман көзүң менен карап койсоң түбөлүк душман табылат… айта берсе оголе көөп…дегеле ошол сезимдин бири дагы жок.

Апа-а… ошол уюлдук телефонду кайра алчы…мага БАЛАЛЫКТЫН кичинекей кайыгынын ачкычын берчи… дегим келет.

2013-жыл. Нарын шаары.

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө and tagged . Bookmark the permalink.

8 Responses to Биринчи уюлдук телефонум…

  1. окурман says:

    сонун жазылыптыр. чаң баскан айылдагы көчөнү, сагыздын сыртын (вкладыш деп койчубуз) кол менен чаап ойногон кошунанын балдарын эстеп кеттим. торпокту, жөжөлөрдү, кезүүгө айдап бара жаткан учурларды эстеп кеттим.

  2. Гулжан says:

    Мен сизди коргондо эле байкадым озгочо адам экенинизди мыкты Макалаларды жазат экенсиз.

  3. Гулжан says:

    Сиздин сайтыныздагы американын балдардын суротун койбой эле Кыргыздын балдарынын суротун койсонуз сайтыныз мындан да сонун болмок.

  4. toktosun toktosun says:

    Рахмат, ошол сиз айткан американын баласын алып салдым. Мени кайдан көрдүңүз эле?

  5. Mairambek says:

    Жакшы жазылган экен, мен окуп жатып кырктын кырындагы киши жазганбы десем жаш эле жигит жазыптыр да… Тээ илгерки окуяларды жазыптыр өзү жашагандай болуп…

  6. Дастан says:

    Рахмат… Балалыгымды эстедим. Тилеке каршы мен да коштошуп жатам, балалык менен .Блогунуз мыкты ийгилик каалайм.

  7. toktosun toktosun says:

    Рахмат, баарыңыздарга. Келип тургула, окуп тургула.

Leave a Reply to Mairambek Cancel reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *