Мени өзгөрткөн “артыкчылык”…

Экзамендердин баарысын 5ке тапшырып, класс боюнча жалгыз мен артыкчылык күбөлүк алаарымды мактана айтпасамда, өзүмчө ичимден корстон болуп жүргөн кезим. Баарыбыз күткөн, 9 – классты бүттү деген күбөлүк колго тиер күн келди. Ал күнү таң эрте ойгоно, күн мурунтан атайын даярдалган көйнөктөрүмдү кийип жатып, классташтарымдын көзүнчө артыкчылык күбөлүк алып жатканымды, анан апама мактана көрсөтүп, кечинде бака-шака түшүп үй-бүлөдө өзүнчө майрам болоорун элестетип кудуңдайм. Баарыбыздыкы окшош эле, алакандай эки барак дечи. Бирок, меники күбөлүк дегендин алдында “артыкчылык” деген жазуусу болуп жатпайбы. Ошол “артыкчылык” деген сөз менин мындай кийинки окууда, дагы ийгиликтерди жаратуума шыкакчы болуп турду. Мектепти кызыл аттестат менен аяктайм деген тилек күчтөнүп, аны ишке ашырууга даяр элем. Чайын берип, мектепке узатып жаткан апамдын көзүндө кубаныч жайнайт. Кантсин анан, мага чейинки эркек балдары токтобой, доктурдан башы чыкпай араң чоңойгон итий баласы бүгүн башкалардан артык болуп жатса.

Күтүүсүз окуя…

Баардык нерсени башакача кабыл алган өткөөл курагымбы же чын эле күтүүсүз болдубу, айтор күбөлүктү мугалимдин колунан жулуп алдым. Тапшыруу аземден кийинки класташтар болуп пландаган сүрөткө түшүү, майрамдоолорго катышпай үйгө жөнөй бердим. Оңой менен ыйлабаган көк бет жаным, негедир көзүмө жаш келип бакырып алгым келди. Жолдо катар “артыкчылык” деген жазуусу жок күбөлүктү жек көрүп келе жаттым. Үйгө келип, апам үтүрөйгөн кебетимдин себебин сурагыча күбөлүктү колуна карматым. Баарын түшүндү окшойт. Көңүлүмдү жубатайын деди, бирок менин ыйлап ийчүүдөй түрүмдөн апамдагы унчукпады. Ошону менен бир жума ызам тарабай, эч ким менен сүйлөшпөйм. Классташтарыман качып, жолуккум келбейт. Кайра-кайра кулагыма класс жетекчимдин сөзү угулуп жатты: “Биздин класста жалгыз эркек бала артыкчылык менен бүтүп жатат. Анын аты Азамат Мамытов!!!”

Азамат атаандашып окуган классташым эле. Мага жете окуса окугандыр, бирок ашат деп айта албайм. Эч кандай мектеп же класс аралык конкурстарга катышпаганы деле буга далил. Болгону апасы мектепте иштегендиктен баалары жакшы койулчу. “Артыкчылык” алса ала берсин, анысыда капаланбадым. Бир жыл бою “сен артыкчылык аласың” деген мугалимдердин кептери, ата-энемдин “баламдын ийгилигин белгилейбиз” деп даярданганы, теңтуш – классташтарыма мактанганым. Булардын баарын сиңирип, кыялданып жүргөн мага, артыкчылык күбөлүк тийбей калганы чын эле катуу тийди. Айтылып жүрүп, жалаң бешке окуган баласына эмнеге? артыкчылык күбөлүк берилбей калганын териштирип, убара болгон апам. Эртеси мектепке барып келген апамдан иштин чоо-жайын сурабадым. Окуудан ушунчалык көңүлүм калды…

Жаман болуш бир паста…

Ошентип, баягы кызыл аттестат менен бүтөм, мыкты окуу жайга тапшырам, жакшы окуйм деген кыялдар албай калган “артыкчылык” менен кошо жоголду. Бала кезда, ал окуя бат эле унутулгандай болду. Анын үстүнө каникул маалында окууну ойлонбойсуң деле да. Айлар өтүп сентябрь чукулдады. Экси жарамдын карты сыйрылчуудай мектепке баргым келбей баштады. Мени алдаган мугалимдерди, шылдыңдаган классташтарымды көргүм келбеди. Ата-энемди эс алып келейин деп көндүрүп Бишкеке атамдын туугандарына жөнөй бердим. Чыныгы максатым окууну таштап, иштеп кетүү эле. Ар кайсы туугандардыкында жүрүп окуу жылы башталды. Үйдөгүлөр күндө телефон чалат, ар кайсы шылтоону айтып айылга баргым келбейт. Акыры, атамдын улуураак иниси урушуп, айылга салып жиберди. Үйгө келсем мугалим күндө келип жатканын, күбөлүк жаңылыш берилип калганын айткан апам сабака керектүү каражаттарымды камдап койуптур. Көк беттенип дароо мектепке барбайм дедим. Үйдө күндө уруш-талаш атам-апам экөөлөп мени мектепке алып баралбай убара. Окуудан көңүлүм калып, шагым сынганын ушундан байка. Атамдын сабака барасың деп сабаган учурлары дагы болду. Ага да болбодум. Ата-энемдин акыркы амалы, райондо жакшы окуткан башка мектепке бермей болшуту. Ансызда үйдөгү кодулоодон тажап калгам, айласыз макул болдум. Атам деректири менен тааныштырып жаңы классыма кийрип койду.

Ким билсин, жаңы мектепке барганданбы, же окуудан көңүл чын эле калганбы? билим деңгээлим абдан төмөндөдү. Ошентип жүрүп жалаң 2ге окуп жана мектепке таанымал “тентек” болдум. Деректирден күндө тепки жейм, журнал кызыл жайан эки. Башка тентектердей жок дегенде дене-тарбия, кол эмгек сабактарынан 3 албай, андан эки алам. Болгону кыргыз адабиятынан дил баян жакшы жазганым үчүн кээде төрт койот. Китепти кой, дептер көтөрбөйм. Үйдөгүлөрдүн окуусаң боло дегени, оң кулактан кирип сол кулактан чыгат. Мектепти эптеп аяктап, аскерге же Россияга курулушка иштеп кетем деп жүрдүм. Бирок, бул чолок оюмду окууну бүтүп жатакандагы дагы бир “артыкчылык” өзгөртү.

Кайра жанган үмүт…

Экзамендердин баягыдай 5ке эмес, 3кө тапшырып койуп чоң-атамдыкына тоого кетип калдым. Бир күнү апам чалып калды, үнүндө кубанычтын белгиси бар.

– “Балам эртең үйгө кел жалпы тестирлөөгө катышпадың беле, ошонун жыйынтыгы жакшы чыгыптыр” (ал кезде бүтүрүүчүлөрдүн баарын милдеттүү түрдө катыштырчу. Болбосо ага деле бармак эмесмин. Бирок, эптеп эле катышкам)

Эртеси жетип келип, мектепке барсам мугалимим колуман кыса кармай куттуктап:

– “Азаматсың, жакшы окусаң мындан жогору баа  алат элең, азыр класс боюнча экинчи орунда мектепте алдыңкы балл алгандардын катарындасың”- деп талонду карматты.

Талонду карасам Токтосун Шамбетов 148 балл деп турат. Классташтарым таң калат, өзүм ишеналбай турдум. Билим алууга, ийгиликке умтулууга болгон каалоом кайра жанданды. Сөзсүз жогорку окуу жайга тапшырып жакшы окуйм дедим. Мектепти “кызыл”, “артыкчылык” бүткөндөрдүн айрымдары 80-90 гана балл алып калганын кулагым чалды.

Мен бул баян менен эмнени айкым келди? Өзүмдү мактап же мектепти жаман окугула, көк бет болгула дегеним жок.

Мына эртең 25 май – акыркы коңгуроо. Сенден бирөөнүн, билими, баасы, мектеби, телефону, кийими, атасы алып берген белеги артык болушу мүмкүн. Сен дагы ошол “артыкчылктын” айынан өзүңдү, максатыңды, жакшы тилегинди өзгөртпө. Турмуш жолунан баарын күтсө болот. Бирок, эч качан артка кайтпа дегим келет. Силер артыкчылык  же баа үчүн окубай, келечегиңер үчүн, акылыңарды толтуруш үчүн окугула!!!

Кээде, ошондо мен жаңылыштык кетиргем деп ойлойм. Себеби, артыкчылык күбөлүк албай калганыма жинденип ой-максатымды таштап салгам. Эч нерсеге карабай окуумду 5ке улантканда, балким азыр…

2013. 24-май. Нарын шаары. 

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө and tagged . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *