Түн…ойлор… “Көңүл барагы”

DSCF4596Бүгүн негедир жумуштан кеч чыккым келди. Мына азыр саат 02:31 болду. Атайын кеч калдым. Жалгыз болгум келди. Көчөдө эч ким калбай калышын күттүм. Көчө жарык, бири-бирин улай үргөн иттин үндөрү, эки сүйүшкөн жаш кучакташа алдыда келе жатты. Кесилиште топтошкон балдар, ар нерсени айтып, сөгүнүп бирде көчө жара каткырышат. Бирде оңго бирде солго, темтеңдеген бечара мас…
Жашоо…бул беш тамгадан турган сөздү айтыш жазыш оңой болгону менен жашаш кыйын экенин бүгүн ынандым. Маанайым жок, ичим уйгу-туйгу. Сыртымдан шайыр, кыйынчылыктарды жеңе билген, чечкиндүү көрүнгөнүм менен, жан дүйнөм жанчылып бүттү. Мындан ары чыдай албай калдым көрүнөт. Кулак уккус, көз көргүс алыс жактарга кетип калгым келди. Жаркырап сүйүп турчу ашыгыма да жолуккум келбеди. Баарынан качтым.
Жашоо деген деңизде бирде чөгүп, бирде калкып, кээде толкунга каршы сүзүп келе жатам. Бүгүндөн тарта турмуш менен күрөшүүнү токтоттум. Буйурган турмушту көрөөрмүн…же???
Үйгө келип деле уктабадым. Ойлоном. Ойлорум чар-жай ыт. Эмнени ойлоп жатканымды ким билсин. Кызыксыз, тантырак ойлор башымдан чыкпайтта кычап. Тааныштарым, досторум, жанымдагылар баары мени шаңдуу, шайыр жүргөн бала деп билишет. Бирок, ушул кең дүйнөгө батпай сыгылып кеттим. Балачакты, студент кезди сагынам. Анда жашоо оңой туйлчу белем. Өзүмө окшогондор. Турмуштун өйдө-ылдыйына кайыл, жалындаган кез таң гөрү!
Азыркыдай көңүлүм кирдеген эмес эле. Ички дүйнөмдө илинип турган “ак барагымдын” актай жери калбаганын көрчү! Ак баракты дубалдын бетине илип койуп, күнүнө карандаш менен бирден чекит койуп кете бер. Кандайдыр бир убакыттан соң, ал барак чекитке толуп, таза жери калбай калат. Көңүлүм дал ошол барактай шалтактап калды. Кантип? Мындай аз жыл мурун эле таза эмес беле? Көңүл барагына чекиттерди ким? качан толтурду?
“Заманаң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол” деген сөз кандай мааниде айтылган билбейм, мен түлкү, бөрү да болуп бүттүм. Бири-бирин алдаган сөздөр, жалган көздөр, жасалма мамиле, калп күлкүлөр, пайда үчүн достошкондор, өлмүш, жасакер тааныштар. Айланам бүт ушундай, аны көрүп, билип, туйуп туруп унчукпаган мен дагы…. оба ошондой. Жакшы адамдар калбадыбы? Баягы бала кезде толуп турган, кийинки окуучу убактагы, кечээки студент курактагы жакшылар жок болгондой. Бул кир дүйнөгө өзүм келдим, ошол “көңүл барагына” кара тактарды өзүм койдурдум. Эмне үчүн? Жумуш, ийгиликтүү окуу, акча, баарына жетишүү үчүн, бир жерден баарынан өйдө болуш үчүн, макталыш үчүн, сыйлык алыш үчүн, кээде атыңды чыгарыш үчүн, кыскасы жашоодо мыкты болуш үчүн кээбирлердин “көңүл барагын” чекит эмес, чийгиледим. Айрымдар жашоо пайдасы үчүн менин “көңүл барагыма” өчпөс кылып сыя төгүп кетти.
Азыр ар кандай карандаштан калган “көңүл барагымды” тактарды өчүрүүгө аракет кылып отурам. Буйурса өчүрүп бүтөм, бирок бала кездеги калыбындай тазарбайт өңдүү. Эми кирдетпегенге аракет кылам, бирок бул жашоо оңой эмес тура. “Көңүл барагы” байкатпай чекитке толо берет тура. Күлүп туруп кирдетип кетишет.
Мына, “көңүл барагым” жаңыргансып калды. Эми канчага чейин таза турат болду экен, кызык… Улам чийилет, улам өчүрөм. Өчүргөн сайын барак жукарып, өчүргүч кичирейет. Ошентте берип экөө тең жок болот, анан өмүрүм токтойт…
Бул заманда канчалаган адамдар “көңүл барагын” өчүрүп үлгүрүп, канчалары кир бойдон кетти экен. Оба, чын! Ар бир адамдын ичинде “көңүл барагы” болот. Ишенбей турасыңбы? Ойлонуп көр, карап көр, өзүнө суроо бер кимдин көңүлүн калтыргансың? Же көңүлүңдү бирөө кирдеткен бекен? Ушундай замандаш. Бул жашоодо “көңүл барагы” бар экенин билбеген, билсе дагы биратоло өрттөп же айрып салып кир дүйнөгө малынган жандар көбөйдү. Сен ал саздан суурулуп чыгууга умтулчу, бирге чыгалычы. Жээке чогу сүзөлүчү. Таза жашоонун жээгинен кол сунуп тартып алчуулар бардыр. Дүйнөнү чогу тазарталы…

Нарын шаары. 24-июль.2013. 03:45

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө. Bookmark the permalink.

4 Responses to Түн…ойлор… “Көңүл барагы”

  1. Токожан! Сенин кече бул жазганынды бугун окуп алып козумо жаш алдым. Канча жолу озумду алдап мен кучтуумун баарын женем дегеним менен сен айткандай жан дуйном куурап баражатат. Жашоо бул курош, эгер сен алдыга чыкпасан, сени тебелеп чыгышат. Ошон учун куроошу керек. Сага эмне деп айткым келип атат. Сенин эсинде болсо керек кимди аябай таарынтып кеттин эле, ал адам коооопко чейин шагы сынып журду эле. Эстесен ошол адамды. Ошол адам сага болгон таарынычынан кийин кайраттуу болуп калды. Сага чон рахматын айтат.

  2. Венера says:

    Замандашымдын ойлорунун тереңдиги кубандырды. Адамдар бири-бирибиздин эмес, өзүбүздүн “көңүл барагыбыздын” такка толгонун ойлобой, жашоого кайдыгер карап, ар бир күнүбүздү элдир-селдир кечирип жаткандайбыз. Бирөөнүн “көңүл барагы” бар экенин, олдоксон кадамыбыз, аракетибиз менен ага чекит коюп гана эмес, чоон так түшүрүп кое турганыбызды ойго албайбыз. Автордун ой сүртүмдөрүнөн кийин мен да “көңүл барагымды” тазалоого ашыктым…

  3. toktosun toktosun says:

    Рахмат, Венера айым. Окурмандын ар бир сөзү шыктандырат.

  4. toktosun toktosun says:

    Гүлзат, чынында эмнени айткың келди түшүнбөдүм. Убагында сенин алдыңда ката кетирген болсом кечир. Азыр эми ар ким өз жолун таап кеттик. Эскини эскерүүнүн кажети жок.

Leave a Reply to Гульзат Cancel reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *