Булуттар кетти алыстап
Буулугуп калды жалгыздап
Асманды карайт жалдырап
Жагырды күткөн бир дарак
Булуттар калкыйт алыста
Туруштук бербей шамаалга
Ак жамгыр болуп төгө албай
Себелейт алсыз жай гана
Куурайтко суусуз ал дарак
Күбүлүп түшүп жалбырак
Алсырап араң тамыры
Жамгырды күтөт зарыгат
Дарактан үмүт үзүлбөйт
Келбесин билсе не күтөт…
05.01.14 Нарын шаары.
About toktosun
Токтосун Шамбетов
1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз.
2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген.
2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө.
Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.