Дин ыйык, ал жүрөктө болуш керек

Акыркы убакта дүйнөдө, анын ичинде өлкөбүздө дин жөнүндө көп жазыла, айтыла баштады. Гезит-журналдар, теле-радиолордо талкуулар дагы байма-бай берилет. Бир жагы ислам дини тигиге чек койот, буга чек койот, ал мыйзамдарына баш ийбесең акыры коркунучтуу кадамдарга барышат экен бу мусулмандар деп чочутушат. Экинчи жагы актанып, исламдын жаманатты кылгандар бар, мунун баары батыштын саясаты, дин душмандары тозоко түшөсүңөр деп коркутушат. Иши кылып социалдык тармакта, коомдо деле күн сайын динди талкуулап кер-мур айтыштарга күбө болосуң.
Кудай өзү кечирсин! Адамга ыйык деп берилген дин жөнүндө жазбай койсом туура болмок, бирок жогорудагыдай жазылган талкуу-талаштар айланамда күч ала баштады. Узун-узун көйнөк кийген, сакалы сапсайган, башынан топу, бутунан масы-көлөч түшпөгөн ашынган динчи тааныштарым бар. Анан эч динден кабары жок, бирок өзүн мусулманмын дегендер менен дагы таанышмында. Эми экөөнүн бир жерде чогуу болушунан чочулап калдым. Өткөндө бир жерден талаштын аягы жакалашканга чейин жетип, анан басылды. Талаш эмне? Баягы эле “намаз окубасаң тозоко түшөсүң” десе, беркиниси “силер тероррсуңар, караңгысыңар”. Анан сөздүн аягы барып эле батыштын саясатына такалат. Эки кыргыз урушуп жатабыз дагы, анан бирөөнү күнөөлөп койобуз. Батышты дагы бул жака кыпчып.
Сөз башында айта кетейин, дагы бирөөнү саясатын жүргүзүп жатасың дешиңер толук мүмкүн. Бирок, чолок акылымдын жетишинче, ичимдеги ойлорду айтууга акым барда.

Эй, бир тууганым, исламга көлөкө түшүп жатканы ошол сен айткан батыштын саясаты эмес өзүбүздө болуп жүрбөсүн? Ойлонуп көрчү. Окусаң билесиңда ыйык китеп куранда алгачкы сөздөр “окуу, окуу жана окуу” деп башталат. А сен бүгүн эмне кылып жатасың? Курандан чала-була эки-үч сүрө жаттай коюп, “чыныгы мусулман ушундай экен” деп арабдын шалбырагын жонго илип, даваат деп дарбаза какылап жүрөсүң. Айылда сен жөнүндө мындай шылдың кепти уга элексиңби?
– “Дааваттыңар жаз-күз жумуш кычаганда, жумуштан качканга жакшы шылтоо экен”. Үйдө үй-бүлөң ачка, короо-жай калган каралбай. Жүрөсүң 40 күндөп талаа-түздө, же өзүң эле дин жөнүндө тыңыраак билсеңчи. Өткөндө дарбаза кагылат, чыксам даваатчылар: “мечитке чакырып келдик эле” – дейт. Суроо бердим: “күндө кирген, жадакалса кээде түнөп калган үйүңөр мечиттин чатырындагы ай менен жылдыз белги эмнени түшүндүрөт?”. Жаман көзү менен карап басып кеттишти, сыягы билбейт окшойт. Эй дааватчы! Орустун 3 класс кызы чиркөөсүндөгү белгинин түшүндүрүп берет. Мечиттин чатырындагы ай менен жылдыз кооздук үчүнбү же мааниси барбы? Жок дегенде ошону билип алсаң боло бай болгур – деп айткым келди. Бир күнү жумуштан келе жатсам, кошуна эже алдымдан чыгып: “ай тиги балам күндө эле жанагы салбырактар менен мечитке жөнөйт, жаз келе жатат жер айдоо башталганда дааватына эрчитип кетпесе болду” деп сарсанаа.
Анан азыр жасалма мусулман болууга өттүк. Намаз окуганды, хижап кийгенди, кала берсе ажыга барганды мода кылып алдык. Мен тааныган балдар бар мечиттен чыгып эле бетке экинчи масканы тагынат. Бир күнү карасаң намазда, эртең эле көчөдө мушташып, ичип, киши тоноп жүрөт. Хижап кийип алган кыздар бар, ислам жөнүндө түшүнүгү тегерек нөл. Эмнеге кийгенин же эмне кийим экенин билбейт. Же чала молдо атасы кыйнап кийгизип койгон.
Исламда айтылган экенго “мусулман бай жашашы керек”. Азыр заңгыраган там, кычыраган машине айдаган мусулмандар аз. Тескерисинче ошол тамда жалданып иштеген, ошол машинени жууп иштеген мусулмандар көп. Албетте биз жата беребизда кудай берет деп. Тигини иште десе “харам” муну кыл десе арам деп койуп.
Мындай мисал келтире берсем толтура. Демек, исламга көлөкө түшүрүп жаткан ким экен? Ислам акырыкы жана таза дин болуп жайылышына тоскоол болуп жаткан ким экен? Албетте сен жана мен, сенин жүрүш-турушуң, менин жүрүш-турушум. Себеби биз мусулманбыз. Биз диндин күзгүзүбүз. Башкалар исламды биз аркылуу көрөт, баалайт. Эгер сенин сакал-мурутуң кыркылуу, кийимиң таза-тыкан, дин илимиң терең, жүрүм-турумуң үлгүлүү болсо мунун өзү үндөө үлгү эмеспи же сен айткан дааватда.
Келгиле достор, бирөөгө өз динибизди таңуулоодон мурун өзүбүз жакшылап үйрөнүп алалы. Исламда балаңды мектепке жибербе, сөзсүз узун кий, үй-бүлөңдү таштап койуп даваат айт, өлтүр, жардыр деген бар бекен? Ошондой жерин тапсаң мурдумду кесип берейин. Исламбы, християнбы, буддабы дин ыйык. Динибизди жүрөктө сактайлычы.

16.10.13-жыл. Нарын шаары.

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө and tagged . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *