25 жаш…

Кычап кычыраган кышта төрөлгөн экенмин. Апамдын мага чейин төрөгөн баласы токтобой ошондон атымды Токтосун дешкен тура. Мени дагы өлөт-өлөт болуп, киши болоорума жалгыз апам ишенип көргөзбөгөн догдуру, барбаган бүбү-бакшысы калбайт. А кезде Кашпировскийдин теледен берген сеанстарына калбай катышчумун деп калат апам. Ошентип, ыйлаак, чычкак кенедей итий кара баласы бүгүн 25 келди. Бирөөгө жигит, бирөөнө дос-тууган, теңтуш, кесиптеш болду. Аздыр-көптүр эл катарына кошулду. Кудайга шүгүр. Апама рахмат!
Өзүм туулган күн өткөргөндөрдүн катарына кирбейм. 8 классымда туулган күн белгилейбиз деп классташтар вино ичип суукта өлүп кала жаздаганымды эсте калыптыр. Кудай акы андан бери туулган белгилей элекмин. Бүгүн деле мен үчүн кадимки иш күн болду. Кутуктоолорго жооп берип, макала, жаңылык жазып дегендей.
Билинбей убакыт учат экен, эми бир жашка чоңойдум. Жашоомдо бактылуумун, баймын, кудайга ыраазымын. Өйдөдө өбөк болчу ата-энем, ылдыйда жөлөк болчу туугандарым, досторум, кесиптештерим бар. Өзүм тандаган десем калп айткан болом, тагдыр буйруган жумушум турат. Алдыда асыл максаттар. Адамга эң керек болгон алты саным аман…
Мага калоо-тилек кылган баардык досторума рахмат!
Замандашыңар Токтосун Шамбетов

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө and tagged . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *