Кийилбей кирдеген кийим…

4-мартты калпак күнү деп белгилей баштаганыбызга 3-4 жыл болуп калды окшойт. Жакшы саамалык ак калпака бир күнда болсо сый көрсөтүп койобуз. Ал күнү баардык эркек жамаат жумуштабы, жогорку окуу жайлардабы, мектептеби калпак кийип келебиз убадалашып калдык. Тыңыраагыбыз жумушта сүйлөшкөнүбүздү эстеп кечинде сандыкты аңтарып тойдон түшкөн калпактын мыктысын тандап кийип, дайындап коебуз. Шалаакыларыбыз жумуштагы калпак жөнүндө кепти кечки чоң кесме менен кошуп ичип, карт кекире уйкуга киребиз. Анан таң эрте ойгоно жанталаша бирөө жарым жакшылык менен келип калса деп оңой табыла турган жерге койгон апаңдын дагы бир тойдон алып келген кытай “синтапон” калпагы кыйшайта кийип жөнөйбүз.
Калпагы жок эле жумушка шашып бара жаткам. Алдыман бир таанышым чыгып калды. Көптөн бери көрө элек же тигинин башындагы каламадай кытай калпагынанбы таанылбай барып учурашып калдым.
– Ой эмне калпагын жок? Патриот эмесиңби? – деп адыраңдайт. Жанында досу бар, Анысынын чачы өзүнчө эле “гуженпо”. Топоздун мамалагына кийгизип койгондой капактын этегинен чачы куюлат. Жооп күткөнсүп сары тишин ырсыйтып мени карайт.
– Ата бабам аздектеген баш кийимге азырынча менин башып татыктуу эмес экен. Баштын ичинде эч нерсе жок, кечинде кийип көрсөм, башы жок калпак болуп калат экен. Ак калпактагы чекчейип туруш үчүн баштын ичин кичине толтуруп койуш керек окшойт. – деп басып кеттим.
Ал ал болду, анан көчөдө ал күнү калпакчандар жайнайт. Майрам десе ашынып кеткен жайыбыз бар эмеспи, балдар түгүл айрым “патриот” кыздар да кийип алыптыр. Кий, кий баса кийип ал, эркектин кийиминен кие элек калпагы эле калган эмеспи. Кимиси кийсе мейли эми дейсиңда, эркиндиктин чегинен өтүп өзүм билем коомунда жашап жатсак, бирөөгө бир деме дештен деле коркосуң. Таң гөрү байкасаң ар кандай калпактар эй, жакшысы, мыктысы, агы, карасы, жашылы… жукасы.
Калпактын түрү менен кошо бу кытайдын калпактары да жайнады. Аларды деле эч ким кийбейт, болгону жакшылыктарда көңүл алчу жүгүртмө десек болот. Айрыкча күзүндө кытай калпактары кыкеңдин тойлорунда эстафета буюмуна айланат. Бирөө бирөөнө берет, ал бирөөнө берет. Андай жүргүтмө ар кандай колдон өтөт. Кара колдон, таза колдон, чучук жеген колдон, мас колдон… Ошентип жүрүп кирдейт. Кайран кийилбей кирдеген кийим дейсиң.
Кирдеп, пайдага жарабай калганды эмне кылабыз? Мындайда кыкең оокатчыл, бышык боло калганда кантесиң. Эми андан ары анын жашоосу мончодо өтөт. Парга киргенде сонун экен деп колтугунда калпак кыскан, дырдайгандарды көрөсүң.
Кайран кор болгон АК КАЛПАК, сенин баркыңды билип анан майрамдасак…
4-март. 2014-жыл. Нарын шаары.

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө and tagged . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *