Жолугушуулар…

А кезде аптанын аягындагы дем алыш күндөрдү күтпөй эле жолугушууга (свиданияга) барчу элем. Азыр башка күндөрү кыйраткансып, баарын дем алышка жүктөйм. Туугандарга учурашуу, үйдөгү чарбачылык. Иши кылып жалкоолонгон иштериңдин баары дем алышта күтүп турат. Бу жолу баарын таштап кыз менен жолугушууга бармай болдум. Жогорку окуу жайды бүткөндөн бери “качан үйлөнөсүң” деген сөз учурашкандай эле болуп баратат. Үйдө жалгыз уул болгондуктан ата-энем эртең үйлөн деп кыстаса кыз таппай каламбы деген ой менен болочок колукту тандап жүргөн чагым. Илгеркидей болсо “медтен” же “педтен” уурдай качат белек? Азыр законуң күч кадимкидей камаласың. Ошо анан жолугушууга бардым, баары башкача. Кыздар эмес жолугушуулар башкача. Бүгүн байкадым окшойт. Жолугушуудан келе жатып “култур-мултур” жошооң ушубу деп ойлоп койом.
Кыш. Анда шаардын “культуру” аралашпаган тоолук баламын. Спирти көп ачуу атырга чыланып, атамдын ичигин уурдай кийип, Гүлкайырга жөнөйм. Ал кезде кайдагы телефон бир нече чакырымдан жөө келгениң аз келгенсип, ашыгыңды чакыралбай турасың анан дагы бир нече саат. Ышкырасың тишиң сынганча, суук болсо чыкылдайт. Ошо кезде жылына он кызга барсаң, анын экөө гана чыкчуда. Ага деле кайылсың, чоңойуп кыздарга барганыңа корстон болуп, жүрөсүң түн катып. Ошентип Гүлкайырым чыгат. Менден 2 класс ылдый окуган кара кыз, бирок мага сулуу. Эми ал чыккан менен жарытылуу деле сүйлөшпөйсүң, уялып бир топко үнсүз турмай. Шамаал аркырап кирет. Жеңил кийинген неме “кой үйдөгүлөр издеп калдыго” деп үшүгөнүн билгизбей кетүүгө камынат. Кое турчу дегеним менен, мен деле тоңуп калгам. Атамдын ичиги жылуу болгону менен бутта кытайдын таманы катуу “батинкесида”. Ичиңден “бүгүн болбосо качан” деп, кетээрде, суукта тоңуп калган муздак жүзүнөн өөп алсаң, эрдик кылдың. Ошентип үйгө жөнөмөй. Бир эки жылуу сөз, бир жолу бетинен өбүү үчүн бир нече чакырымдан, бир нече саат күтүп тоонун 40 градус суугунда ага барамын. Мына жолугушуунун баасы, мына чыныгы сүйүү. Эми сүйүү деле эмеско? Мейли тоок сүйүү деп койчу. Ошол тоок сүйүү ошончо барктуу эле. Баалуу жолугушуу. Азырчы?
Жаңы эле жолугушуудан келдим дебедиби, кандай экенин азыр жазам күтө тур муну бүтүрөйүн. Ал кыздан чыгып, түнкү суукта кайыгып үйгө жетесиң. Саат он же он бир, ууру мышыктай үйгө кирем. Уйку жок, түн. Бактылуумун. Себеп? Бетинен өппөдүмбү! Кызга барып келгенимди эртеси ата-энем билет. Билбей анан, уурдап кийген ичигин атырга чыласам. Апам түнкүсүн эшикке чыкпа демиш болот. Кыскасы, ушундай эле илгерки “свиданиям”. Баары жөнөкөй, сонун, кызык…
Андан бери көп болсо 5 же 6 жыл өттүгө. Азыр гелаксиден (телефондун акыркы үлгүдөгү маркасы) жаным деген “контактыны” издеп, телефондон жашыл телефондун сүрөтүн басасың.
Тууууут.
-Ало.
– Ало, бүгүн саат баланчада тиги кафеден.
– Аха, макул, саат баланчада.
Болду, кызды жолугушууга чакырыш үчүн баягыдай айылдын иттерин ойготуп ышкырмай жок. Сүрдөп, сөз даярдап, “дезодрант” себинмейда жок. Кир кийимден тазасын тандап кийип, капчыктан 1000 сомду төш чөнтөкө бөлө салып койосуң.
Таанышым “свадбада” шарик байлап алып “пиипииип” дедирип бер деп куйган анча-мынча бензинге ишенесиң. Нарын кичинекей эмеспи, жететда. Анан зуулдап жөнөйсүң. Ой, шыр жөнөп кетсең гана. Кошуналарга түрттүрүп от алдырасың тиги германдын аудисин. Бирок, жөө эмесиң дечи ичик менен баягы кыштагыдай.
Жолугушчуу жерге жеттим. Аз-маздан соң тигиним келет зуулдап. Ушул жерден бир аз ыңгайсыз. Тигиники жапондуку, сеники германдын түртөмөсү…
Тартынбай эле өбүшмөй. Беттен албетте. Учурашканыбың ушундай, чопулдашып. Чопулдашасыңда келечектеги “шефиң” менен. Жазап басып кафег кирдик
Тартынбай сүйлөп, алдыдагыны апылдатып, калп мыңкылдашып. Иши, кылып ушундай. Сүйүшкөндөрбүз, бирок сүйүү жөнүндө деле сүйлөшпөйбүз.
Күүгүм талаш, кафеден чыгабыз. Кучакташып, коштошмой. Беттин эртең жуубай деле койсоң болот. Коштошуп, көп өбүшөсүң болгон упасын тазалап
Кош бол деген белги кылып сол рулдуу унаасынын сигналын миип-пиип деп зуулдап жөнөйт. Артынан узата чаап, “повортту” үйгө бурасың.
Эми ушундай жолугушуудан көп жолу келдим. Баягы сууктагыдай сезим жок? Келип эртеңки иш күндү ойломуш болуп уктап каласың. Быш-быш…

13.12.13 Нарын шаары.

toktosun

About toktosun

Токтосун Шамбетов 1989-жылдын 26-февралында Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Теги-кыргыз. 2012-жылы Нарын мамлекеттик мамлекеттик университетинин Техникалык факультетинин Инженер адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Нарын шаарындагы Алмаз-Нарын радиосунда алып баруучу болуп баштаган. 2009-жылы ошол эле радиодо программалык редактор болгон. Ошол эле учурда облустук www.naryn.kg маалымат сайтында 2012-жылга чейин кабарчы болуп эмгектенген. 2012-жылдын март айынан баштап «Азаттык» үналгысынын Нарын облусундагы кабарчысы болуп эмгектенүүдө. Нарын облусунун жергиликтүү бийликтеринин Ардак грамоталарын алган. Журналисттер арасында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүсү. Макалаларды кыргыз тилинде жазат.
This entry was posted in Жан дүйнө and tagged . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *