Фейсбууктагы “акылдууларга”

images(Эсенгул Ибраевтин “Жөн эле” деген ырын фейсбууктагы “акылдууларга” ылайыкташтырдым.)

Чалкалап, компүтерин алдына койуп алып
Интернет билгенине маашырланып
“ЖӨН ЭЛЕ” кыйынсынып отурган бар
Фейсбууктан ар кимге акыл айтып

Ойду-тоону, ойлонбостон жазгандар бар,
Бээ десе, төө деп пикир калтырган бар,
Фейсбууктан ар кимди сындап койуп
“ЖӨН ЭЛЕ” эрмек кылып алгандар бар.

Албетте, пайда нерсе жазгандар бар
Аларды жактырышпай “акылдуулар”
Болбогон, келжирек кепти сүйлөп
“ЖӨН ЭЛЕ” кыйынсынып алгандар бар.

Саясатчы, ырчы, спортчу, журналист бар
Күнүнө талкуулашып, талашкандар
Карап турсаң, бир-биринен кем калышпайт
Топтошкон, окшошкон “акылдуулар”

“Фейсбууктан кетем” – деп жар салышат,
Жабалактап ар кандай пикир калтырышат
Шүк эле, чоң кызматтан кеткенсибей
Кетсең кет! – деп бир-бирине кыйкырашат.

21.08.13 жыл. Нарын шаары

Posted in Ырлар | Leave a comment

Жөн эле

Уйку уктап, ныксырап тоюп алып,
Бир жоолукка тебетей болуп алып,
“ЖӨН ЭЛЕ” бутун чоюп жаткандар бар
Тыңшагычты кулакка коюп алып.

Бөксөрүп, калыбынан төгүлгөн бар,
Төгүлүп, бирок кайра көбүргөн бар.
Келгенсип, кетерин да капарга албай,
“ЖӨН ЭЛЕ” жашап жаткан өмүрлөр бар.

Алысты жакындатаар кадамдар бар,
Алдууну алсыратар замандар бар.
Билинбей көпчүлүктүн арасында
“ЖӨН ЭЛЕ” “иштеп” жүргөн адамдар бар.

Алибетте оендор бар, ойрондор бар,
Теринин бир бучкагын чойгондор бар.
“ЖӨН ЭЛЕ” эле эркек болуп калган үчүн
“ЖӨН ЭЛЕ” аял алып койгондор бар.

Томсоргон бар, анан да күлгөндөр бар,
Тоодой жүктү жонуна үйгөндөр бар.
“ЖӨН ЭЛЕлер” ургаачы аты болгон үчүн
“ЖӨН ЭЛЕ” эрге тийип койгондор бар.

Кеп кылаар сөзбү дебе ушу дагы
Эй, элимдин эртеңки кыз-уланы!
“ЖӨН ЭЛЕ” жетпесин түбүбүзгө,
“ЖӨН ЭЛЕ” ден эртерээк кутулалы.

Эсенгул Ибраев 19.03.01

Posted in Жактырган ырларым | Leave a comment

Түн…ойлор… “Көңүл барагы”

DSCF4596Бүгүн негедир жумуштан кеч чыккым келди. Мына азыр саат 02:31 болду. Атайын кеч калдым. Жалгыз болгум келди. Көчөдө эч ким калбай калышын күттүм. Көчө жарык, бири-бирин улай үргөн иттин үндөрү, эки сүйүшкөн жаш кучакташа алдыда келе жатты. Кесилиште топтошкон балдар, ар нерсени айтып, сөгүнүп бирде көчө жара каткырышат. Бирде оңго бирде солго, темтеңдеген бечара мас…
Жашоо…бул беш тамгадан турган сөздү айтыш жазыш оңой болгону менен жашаш кыйын экенин бүгүн ынандым. Маанайым жок, ичим уйгу-туйгу. Сыртымдан шайыр, кыйынчылыктарды жеңе билген, чечкиндүү көрүнгөнүм менен, жан дүйнөм жанчылып бүттү. Мындан ары чыдай албай калдым көрүнөт. Кулак уккус, көз көргүс алыс жактарга кетип калгым келди. Жаркырап сүйүп турчу ашыгыма да жолуккум келбеди. Баарынан качтым.
Жашоо деген деңизде бирде чөгүп, бирде калкып, кээде толкунга каршы сүзүп келе жатам. Бүгүндөн тарта турмуш менен күрөшүүнү токтоттум. Буйурган турмушту көрөөрмүн…же???
Үйгө келип деле уктабадым. Ойлоном. Ойлорум чар-жай ыт. Эмнени ойлоп жатканымды ким билсин. Кызыксыз, тантырак ойлор башымдан чыкпайтта кычап. Тааныштарым, досторум, жанымдагылар баары мени шаңдуу, шайыр жүргөн бала деп билишет. Бирок, ушул кең дүйнөгө батпай сыгылып кеттим. Балачакты, студент кезди сагынам. Анда жашоо оңой туйлчу белем. Өзүмө окшогондор. Турмуштун өйдө-ылдыйына кайыл, жалындаган кез таң гөрү!
Азыркыдай көңүлүм кирдеген эмес эле. Ички дүйнөмдө илинип турган “ак барагымдын” актай жери калбаганын көрчү! Ак баракты дубалдын бетине илип койуп, күнүнө карандаш менен бирден чекит койуп кете бер. Кандайдыр бир убакыттан соң, ал барак чекитке толуп, таза жери калбай калат. Көңүлүм дал ошол барактай шалтактап калды. Кантип? Мындай аз жыл мурун эле таза эмес беле? Көңүл барагына чекиттерди ким? качан толтурду?
“Заманаң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол” деген сөз кандай мааниде айтылган билбейм, мен түлкү, бөрү да болуп бүттүм. Бири-бирин алдаган сөздөр, жалган көздөр, жасалма мамиле, калп күлкүлөр, пайда үчүн достошкондор, өлмүш, жасакер тааныштар. Айланам бүт ушундай, аны көрүп, билип, туйуп туруп унчукпаган мен дагы…. оба ошондой. Жакшы адамдар калбадыбы? Баягы бала кезде толуп турган, кийинки окуучу убактагы, кечээки студент курактагы жакшылар жок болгондой. Бул кир дүйнөгө өзүм келдим, ошол “көңүл барагына” кара тактарды өзүм койдурдум. Эмне үчүн? Жумуш, ийгиликтүү окуу, акча, баарына жетишүү үчүн, бир жерден баарынан өйдө болуш үчүн, макталыш үчүн, сыйлык алыш үчүн, кээде атыңды чыгарыш үчүн, кыскасы жашоодо мыкты болуш үчүн кээбирлердин “көңүл барагын” чекит эмес, чийгиледим. Айрымдар жашоо пайдасы үчүн менин “көңүл барагыма” өчпөс кылып сыя төгүп кетти.
Азыр ар кандай карандаштан калган “көңүл барагымды” тактарды өчүрүүгө аракет кылып отурам. Буйурса өчүрүп бүтөм, бирок бала кездеги калыбындай тазарбайт өңдүү. Эми кирдетпегенге аракет кылам, бирок бул жашоо оңой эмес тура. “Көңүл барагы” байкатпай чекитке толо берет тура. Күлүп туруп кирдетип кетишет.
Мына, “көңүл барагым” жаңыргансып калды. Эми канчага чейин таза турат болду экен, кызык… Улам чийилет, улам өчүрөм. Өчүргөн сайын барак жукарып, өчүргүч кичирейет. Ошентте берип экөө тең жок болот, анан өмүрүм токтойт…
Бул заманда канчалаган адамдар “көңүл барагын” өчүрүп үлгүрүп, канчалары кир бойдон кетти экен. Оба, чын! Ар бир адамдын ичинде “көңүл барагы” болот. Ишенбей турасыңбы? Ойлонуп көр, карап көр, өзүнө суроо бер кимдин көңүлүн калтыргансың? Же көңүлүңдү бирөө кирдеткен бекен? Ушундай замандаш. Бул жашоодо “көңүл барагы” бар экенин билбеген, билсе дагы биратоло өрттөп же айрып салып кир дүйнөгө малынган жандар көбөйдү. Сен ал саздан суурулуп чыгууга умтулчу, бирге чыгалычы. Жээке чогу сүзөлүчү. Таза жашоонун жээгинен кол сунуп тартып алчуулар бардыр. Дүйнөнү чогу тазарталы…

Нарын шаары. 24-июль.2013. 03:45

Posted in Жан дүйнө | 4 Comments

Мени өзгөрткөн “артыкчылык”…

Экзамендердин баарысын 5ке тапшырып, класс боюнча жалгыз мен артыкчылык күбөлүк алаарымды мактана айтпасамда, өзүмчө ичимден корстон болуп жүргөн кезим. Баарыбыз күткөн, 9 – классты бүттү деген күбөлүк колго тиер күн келди. Ал күнү таң эрте ойгоно, күн мурунтан атайын даярдалган көйнөктөрүмдү кийип жатып, классташтарымдын көзүнчө артыкчылык күбөлүк алып жатканымды, анан апама мактана көрсөтүп, кечинде бака-шака түшүп үй-бүлөдө өзүнчө майрам болоорун элестетип кудуңдайм. Баарыбыздыкы окшош эле, алакандай эки барак дечи. Бирок, меники күбөлүк дегендин алдында “артыкчылык” деген жазуусу болуп жатпайбы. Ошол “артыкчылык” деген сөз менин мындай кийинки окууда, дагы ийгиликтерди жаратуума шыкакчы болуп турду. Мектепти кызыл аттестат менен аяктайм деген тилек күчтөнүп, аны ишке ашырууга даяр элем. Чайын берип, мектепке узатып жаткан апамдын көзүндө кубаныч жайнайт. Кантсин анан, мага чейинки эркек балдары токтобой, доктурдан башы чыкпай араң чоңойгон итий баласы бүгүн башкалардан артык болуп жатса.

Күтүүсүз окуя…

Баардык нерсени башакача кабыл алган өткөөл курагымбы же чын эле күтүүсүз болдубу, айтор күбөлүктү мугалимдин колунан жулуп алдым. Тапшыруу аземден кийинки класташтар болуп пландаган сүрөткө түшүү, майрамдоолорго катышпай үйгө жөнөй бердим. Оңой менен ыйлабаган көк бет жаным, негедир көзүмө жаш келип бакырып алгым келди. Жолдо катар “артыкчылык” деген жазуусу жок күбөлүктү жек көрүп келе жаттым. Үйгө келип, апам үтүрөйгөн кебетимдин себебин сурагыча күбөлүктү колуна карматым. Баарын түшүндү окшойт. Көңүлүмдү жубатайын деди, бирок менин ыйлап ийчүүдөй түрүмдөн апамдагы унчукпады. Ошону менен бир жума ызам тарабай, эч ким менен сүйлөшпөйм. Классташтарыман качып, жолуккум келбейт. Кайра-кайра кулагыма класс жетекчимдин сөзү угулуп жатты: “Биздин класста жалгыз эркек бала артыкчылык менен бүтүп жатат. Анын аты Азамат Мамытов!!!”

Азамат атаандашып окуган классташым эле. Мага жете окуса окугандыр, бирок ашат деп айта албайм. Эч кандай мектеп же класс аралык конкурстарга катышпаганы деле буга далил. Болгону апасы мектепте иштегендиктен баалары жакшы койулчу. “Артыкчылык” алса ала берсин, анысыда капаланбадым. Бир жыл бою “сен артыкчылык аласың” деген мугалимдердин кептери, ата-энемдин “баламдын ийгилигин белгилейбиз” деп даярданганы, теңтуш – классташтарыма мактанганым. Булардын баарын сиңирип, кыялданып жүргөн мага, артыкчылык күбөлүк тийбей калганы чын эле катуу тийди. Айтылып жүрүп, жалаң бешке окуган баласына эмнеге? артыкчылык күбөлүк берилбей калганын териштирип, убара болгон апам. Эртеси мектепке барып келген апамдан иштин чоо-жайын сурабадым. Окуудан ушунчалык көңүлүм калды…

Жаман болуш бир паста…

Ошентип, баягы кызыл аттестат менен бүтөм, мыкты окуу жайга тапшырам, жакшы окуйм деген кыялдар албай калган “артыкчылык” менен кошо жоголду. Бала кезда, ал окуя бат эле унутулгандай болду. Анын үстүнө каникул маалында окууну ойлонбойсуң деле да. Айлар өтүп сентябрь чукулдады. Экси жарамдын карты сыйрылчуудай мектепке баргым келбей баштады. Мени алдаган мугалимдерди, шылдыңдаган классташтарымды көргүм келбеди. Ата-энемди эс алып келейин деп көндүрүп Бишкеке атамдын туугандарына жөнөй бердим. Чыныгы максатым окууну таштап, иштеп кетүү эле. Ар кайсы туугандардыкында жүрүп окуу жылы башталды. Үйдөгүлөр күндө телефон чалат, ар кайсы шылтоону айтып айылга баргым келбейт. Акыры, атамдын улуураак иниси урушуп, айылга салып жиберди. Үйгө келсем мугалим күндө келип жатканын, күбөлүк жаңылыш берилип калганын айткан апам сабака керектүү каражаттарымды камдап койуптур. Көк беттенип дароо мектепке барбайм дедим. Үйдө күндө уруш-талаш атам-апам экөөлөп мени мектепке алып баралбай убара. Окуудан көңүлүм калып, шагым сынганын ушундан байка. Атамдын сабака барасың деп сабаган учурлары дагы болду. Ага да болбодум. Ата-энемдин акыркы амалы, райондо жакшы окуткан башка мектепке бермей болшуту. Ансызда үйдөгү кодулоодон тажап калгам, айласыз макул болдум. Атам деректири менен тааныштырып жаңы классыма кийрип койду.

Ким билсин, жаңы мектепке барганданбы, же окуудан көңүл чын эле калганбы? билим деңгээлим абдан төмөндөдү. Ошентип жүрүп жалаң 2ге окуп жана мектепке таанымал “тентек” болдум. Деректирден күндө тепки жейм, журнал кызыл жайан эки. Башка тентектердей жок дегенде дене-тарбия, кол эмгек сабактарынан 3 албай, андан эки алам. Болгону кыргыз адабиятынан дил баян жакшы жазганым үчүн кээде төрт койот. Китепти кой, дептер көтөрбөйм. Үйдөгүлөрдүн окуусаң боло дегени, оң кулактан кирип сол кулактан чыгат. Мектепти эптеп аяктап, аскерге же Россияга курулушка иштеп кетем деп жүрдүм. Бирок, бул чолок оюмду окууну бүтүп жатакандагы дагы бир “артыкчылык” өзгөртү.

Кайра жанган үмүт…

Экзамендердин баягыдай 5ке эмес, 3кө тапшырып койуп чоң-атамдыкына тоого кетип калдым. Бир күнү апам чалып калды, үнүндө кубанычтын белгиси бар.

– “Балам эртең үйгө кел жалпы тестирлөөгө катышпадың беле, ошонун жыйынтыгы жакшы чыгыптыр” (ал кезде бүтүрүүчүлөрдүн баарын милдеттүү түрдө катыштырчу. Болбосо ага деле бармак эмесмин. Бирок, эптеп эле катышкам)

Эртеси жетип келип, мектепке барсам мугалимим колуман кыса кармай куттуктап:

– “Азаматсың, жакшы окусаң мындан жогору баа  алат элең, азыр класс боюнча экинчи орунда мектепте алдыңкы балл алгандардын катарындасың”- деп талонду карматты.

Талонду карасам Токтосун Шамбетов 148 балл деп турат. Классташтарым таң калат, өзүм ишеналбай турдум. Билим алууга, ийгиликке умтулууга болгон каалоом кайра жанданды. Сөзсүз жогорку окуу жайга тапшырып жакшы окуйм дедим. Мектепти “кызыл”, “артыкчылык” бүткөндөрдүн айрымдары 80-90 гана балл алып калганын кулагым чалды.

Мен бул баян менен эмнени айкым келди? Өзүмдү мактап же мектепти жаман окугула, көк бет болгула дегеним жок.

Мына эртең 25 май – акыркы коңгуроо. Сенден бирөөнүн, билими, баасы, мектеби, телефону, кийими, атасы алып берген белеги артык болушу мүмкүн. Сен дагы ошол “артыкчылктын” айынан өзүңдү, максатыңды, жакшы тилегинди өзгөртпө. Турмуш жолунан баарын күтсө болот. Бирок, эч качан артка кайтпа дегим келет. Силер артыкчылык  же баа үчүн окубай, келечегиңер үчүн, акылыңарды толтуруш үчүн окугула!!!

Кээде, ошондо мен жаңылыштык кетиргем деп ойлойм. Себеби, артыкчылык күбөлүк албай калганыма жинденип ой-максатымды таштап салгам. Эч нерсеге карабай окуумду 5ке улантканда, балким азыр…

2013. 24-май. Нарын шаары. 

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Азия-Микс чын эле кыргызды шылдыңдадыбы?

Фейсбууктан бир адам жөн гана кечээки Москванын жогорку лигасында ойногон Азия-Микс командасынын тамашасына өз пикирин жазды. Мына кызык, анан туш тараптан алардын сындап, тепкилеген пикирлер жаады. Аларды айрымдары маңкурт, кем акылга дагы теңеп ийишти. Анан бул кичинекей блогду жаздым. Мен оюмду эч кимге таңуулабайм. Балким сага дагы жакпашы мүмкүн. Айтып койотко “баарына жакпайсың, периште болсоң дагы канаттыңдын шуулдаганы бирөө жакпайт”-деп.

Сындагандардын жүйөсү мигранттар тууралуу тамаша кыргызды басынткан имиш. Ал жерде бирөөнү шылдыңдап, басынткан жокко? Болгон чындыкты айтканы үчүн алар күнөөлүбү? Же ошол тамашадагыдай эмеспи? Калпы?  Бул юмор. 50 жылдык тарыхы бар КВНде кыргыз балдар катышып жатканы ийгиликда, түшүнгөн кишиге. Тандоо туруна 500дөн ашык команда барат. Алардын арасынан суурулуп чыгыш деле кыйын.

“Сын-пикир уккуң келбесе эч ким болбо, эч нерсе жазаба” деген туура окшойбу. Иш болгон жерде, сөз жок кемчилик коштолот. Алар канчалаган кыйынчылык менен ушул нерсеге жеткенин, ошол тармакты анча-мынча билген киши катары тушүнөм. Асмандан түшүп, же түшүмөн чочуп ойгонуп жазган жокмун. Сыртан туруп сындап койуш атаң гөрү сонун нерсе. Мен дагы сындагым келди, бирок аларды тушүнөм. Же мамлектен оңдуу колдоо болбосо, бирок жигиттер өкмөткө таарынышпайт экен. “Биз мамлекетибизди оңдойбуз, азыр түшүнүп турабыз”- деп интерьвю берип жүрүшөт. Андыктан өлкөгө эч кандай колко кылбай эле ийгилике умтулуп жатышат десем болот. Казактардын командасына өкмөттөн бөлүнгөн акча биздин маданият министирлигине бөлүнгөн каражаттан көп болгон дешет. Бирок алар сегиз жыл ойноп чемпион боло алышпады. Анткени КВНде дагы чоң саясат бар. Биздин балдардын жакшы тамашаларын теледен кесип салды. Атайын ошол силерге жакпаган тамашалар калды. Айла жок.

Менин кейигеним жигиттер тийиштүү упай албай калганы болду. Мен мындай сындарды айтып чыгарын күткөм. Шүк эле өзүбүз кыйратып салгансып, баса калып тепкилегенге маш эмеспизби. Негизи кайсы бир тармакты түшүнсөн анан сын-пикир, же сунуш айтсаң туура болотко дейм. Мен жигиттерге ишенем алар сөзсүз чемпион болушат. Аман болсок, алардын жеңишин талкуулап калаарбыз буйурса. Анда да сын айткандар чыкпай койбойт.

Алады түшүнүп турам, эми туш тараптан ар кандай сөздөрдү айтышат. Алардын кыйынчылык менен жеткен эмгеги: “азаматсыңар, эч нерсе болбойт, эмкиде утасыңар” деген сөзгө арзыбай калат айрымдарга.

КВНдин бир максаты күлкү менен коомдогу көйгөйдү жеткирүү. Кээде орустар өзүн, ажосун залга отургузуп койуп шылдыңдаган оюндары бар. Бизде ошондой болсо, КВНди эчак эле жаап салса керек. “Кадимки орус үй-бүлөдө болгон окуя”-деп өздөрүн далай шылдыңдашкан орус командалар толтура. Орустар өзүн неге тамашалатпайт?- дейт. Алардын кемчиликтери толтурада деп жулкунушат биздин “патриоттор”. КВНде Россия жөнүндө тамаша айтууга тыю салынган. Мен кыргызмын, кыргыздын кемчилигин айтууга акым бар. Орусмун орусту шылдыңдоого акым бар. Казакмын, казак жөнүндө кеп кыл. – деген принцип КВНде. Же орустар баарын чогултуп алып Россиянын кемчилигин айтып, орустарды мазактагыла демек беле?

Анан алардын утулуп калган себебин иликтеп, күнөөлүнү издей баштайбыз. Ал сынак, сынактын шарты болот. Катышуучу бирде утулат, бирде утат. Бир ийгиликсиз тамаша  үчүн тепкилеп калыш туурабы? Мындан жакшы тамашалар бар болчу, кесип салды дешти. Чет жерге барып сынака катышып келүү эмне экенин билбей туруп, иши кылып сындап калыш керектда бизде азыр.  Орустардын жакшы сөзү бар: “Мен сага жакпасам ал сенин көйгөйүң. Мен өзумө өлө жагам” деген.

Ошол сындагандар  баарыбыз жаш эле экенбиз. Эртеңден баштап команда түзөлү, (чын айтып жатам)  өзүбуздү мактаган тамашларды табалы, ошол жерде айда Кырыгзстанды мактап-жактап залды күлкүгө бөлөп, Москвада КВНден чемпион бололу. Анан келип Азия Миксти баш кылып, Тамашоуну төш кылып. Баарын сындап, мына момдай ойнойт дебейлиби? Кандай дейсиңер?  Колдон келеби? Элестетиңби? Миңдеген көрүүчүнүн эмес, бирөөнү жылмайтыш кыйын. Өзүндү алардын ордуна кой: миңдеген эл алдында, эл күлбөй койсочу? Калыстарга жактыкпы? Мага ишенгендердин үмүттүн актаймбы? Үй-бүлөнү таштап койуп, кайдагы бир КВН үчүн жүрөмбү? Же өлкөнү таанытып жатамбы? Өкүртө сындаган сынчылар не дейт болду экен? Ушундай толгон токой ой санаалар менен бөтөн жерде, тердеп-кургап сахнада турганыңды элестеттиңби?

Фейсбуукта жылуу жумшак отуруп алып, өкүртө сындаган мага дагы жагат. “Бирөөнү сындаба, анын бут кийимин кийип, ал баскан жолду басмайынча”- дейт.

Биздин мигранттар багып жатат, алар кыйналып күн өткөрүшөт, аларды мазакташты, мазактап жеңишке жетүү бул кем акылдулук манкурттук деп салды бирөө. Казактар айтып жатышат и так эле “оздеринди оздерин мазактайсындар гой” – деп кошумчалады. Мейли, бул ой дагы жөндүү экен. Ар бир ой балуу эмеспи. Бул жерден мен мазактоону көргөн жокмун, ошол көйгөйдү дагы бир жолу көргөздү? Же мигрантардын ошондой жашосуна КВНшиктер күнөлүүбү? Бирок ошол сиз атаган “маңкурттар” мага окшогон “кем акыл” күйөрмандары менен алар сөзсүз ийгиликке жетет. Мен буга ишенем. Кыргыздардын желеги желбиргенде, ошол сегиз жыл ойноп, мамлекттенинен миллиондорду алып, чемпиондука жете албаган казактардын күлгөнүн көрөбүзго ой.

Аларга сын айтып жаткандарга каршы эмесмин, айта беришсин. Дагы бир жолу айтам, оюмду эч кимге таңуулабайм. Баардык адамдын пикири балуу. Болгону бирөөнү сындаардан мурда: Мен эмне кылдым? Бирдеме кыйраттымбы? Же өз жанымды тыңыраак бакканымды өкмөткө колко кылып, бирөө иш кылып жатса кемчилигин чукуп, мен кыйынмын деп бирөөгө сын айтууга акым барбы? – деп ойлоном.

Оюнан кайтпаган адам акмак дейтко. Балким мен дагы жаңылышам, качандыр бир кезде бул пикиримен кайтаармын. Азыр өз акылыма чак, кичине бирдеме чиймеледим.

Токтосун Шамбетов. Нарын шаары. 2013-жыл.

 

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Биринчи уюлдук телефонум…

Окуу анан жумуш – деп жүрүп Ат-Башыга, ата-энеме сейрек барам. Жаз келгени адаттагыдай эки-үч күнгө айылыма барып калдым. Биздин айыл жаңы конуш болгондуктан, мен бала чакта отузга чыкпаган түтүн жашачу. Азыр жүзгө жетип калды дешет. Ошол кезде ошол отуз түтүндүн балдарына, көчө толуп турчу. Айрыкча жаз айында “чүкөнүн” планын толтураар элек. Азыр ошол балдар эр жетип, ар кимиси ар жакта, өз арбайын согуп жүргөн чыгаар. Негедир ошол бала чактагы кошуна досторду эстеп, көргүм келди. Көчөгө чыктым, эч ким жок… Алар жок эмес, чын эле эч ким жок. Биздей ойногон бала жоктой сезилет. Анан кичүү инимди урушкан апамдын сөзүн эстедим: “Келери кечке телефон чукулабай, сыртка чыгып баладай ойносоң боло!”

Толугу менен

Posted in Жан дүйнө | Tagged | 8 Comments

Жазгы жамгыр

Жазгы жамгыр турасыңго жаай албай

Жаз болсода, жаап жатат аппак кар.

Каалгып. Маанайым жок жалгыз басам,

Асмандагы бүркөлгөн булуттардай.

—————————————————

Жазгы жамгыр эрте келчи сагындырбай,

Жууп салчы кир көңүлдү калтырбай.

Негедир көктү карайм, улам-улам,

Бүгүн кечте жааса экен, –  деп тилек кылам.

(2006-жыл. 14-апрель.)

Posted in Ырлар | Tagged | Leave a comment

Сыртка чыкпаган ойлор…

Негизи мени дайыма ойлор курчап турат. Ар кандай ойлор. Мисалы: көчөдөн, окуудан, жумуштанбы, терс же жагымдуубу, иши кылып кандай окуяларга туш болсом, дайыма туурабы, туура эмеспи, жакшы көрөбү жаман көрөбү өз оюмду айтканга машмын. Айталбаган учур болсо, ичимден «менин оюмча мындай …» деп калам. Ошол менин тентек ойлорумдун айынан ар кандай кырдаалга туш болом. Кээбирлер жаман көрүшөт, анан уруша кеткен учуларымда болот. Негизи адам өз эрки менен баардык иш аракеттерин башкара алат эмеспи. Мисалга: «колуң» бейтааныш адамдын сааттын кармагын келип жатса тыя аласың. «бутка» деле ошол мисал, «көздүкү» башкачараак, көргүн келбесе көздү жумуп алсан болот, «оозунду» да тыйып койо аласын, тамагын ооруп жатса суусап турсанда муздак суу ичпейсин, Ал эми «тилинди» тыйыш кыйыныраак болсо дагы, айрым учурларда айтчү сөздү айтпай койо аласын. Ал эми мен кеп кылып жаткан  ойлорумду эч тыя албайм, ойлобойун, алаксыйын десемда мээмди ээлеп алган ойлор  койо бербейт десең. «Жана минтип койсом болмок экен, эми минтип айтыш керек, тигиники тура эмес, ай ошондо жаңылган экенмин же тура эле кылдымбы» ушул сыяктуу ойлорду жаза берсек кагаз бетине батпайт. Ушул ойлор өмүр өткөнчө ээрчип жүрүп, көз жумаар алдында минтип ойлонсок керек «мен кандай жашап өттүм???» Бул сурроого ар кимдин ою аркандай…

Толугу менен

Posted in Жан дүйнө | Tagged | Leave a comment

Апам

Дүйнөдө теңдеши жок, алтын апам

Сен бар үчүн дүйнөдө жашап жатам.

Апакем, алтынымсың, күмүшүмсүң.

Мен үчүн асмандагы ачык күнүм.

————————————————–

Апаке карыбачы, картайбачы

Берейин 10 жылымды аласыңбы?

Кап кара чачтарыңды ак аралап,

Чоңойтуң өмүр-жашыңды бизге арнап.

—————————————————–

Ойлуу карап терезени. Олтурасың,

Алыстагы уул-кызыңды сагынасың.

Сар санаага батып алып өзүнчө

Өмүр тилеп кудайдан жалбарасың.

————————————————–

Ак сүтүңдү актасам дейм, максатым.

Далай сени капага мен салганым.

Жакшы бол – деп, акыл айтып дайыма,

Жүрө бергин алдырбастан карылыка.

——————————————————

Жүзүңдү майда-майда бырыш баскан,

Биз деп жүрүп канча жыл азап тартың?

Ааламда сага теңдеш адам жокко,

Апакем баскан изде бейиш жаткан.

2007, 17-январь, Ат-Башы

Posted in Ырлар | Tagged | 1 Comment

Бүгүн сенин туулган күнүң

Бүгүн сенин туулган күнүң кыш айы,

Жаап жатат сен жактырган кар дагы.

Жалгыз өзүм басып жүрөм ойлонуп,

Ошол сезим жалган беле андагы…
Толугу менен

Posted in Ырлар | Tagged , , | Leave a comment