Балким бир күнү…

Сенсиз күндөр…Уйкусуз узун түндөр. Баары мен үчүн кызыксыз өтүп жатат. Жүрөктөгү алоолонгон сүйүү оту,  акырындан бүлбүлдөп жанган шамга айланды. Ошол шамды өчүрбөй дем күч берген жалгыз үмүт. Үмүт…оба үмүттөнүп жолду карайм. Күтүү мен үчүн көнүмүш адат болдубу? Мен сени сагындым…Ошол бактылуу күндөрдү кайтаруу үчүн баарын жазагым келет. Бирок…

Толугу менен

Posted in Жан дүйнө | Leave a comment

Сүйүп өтөм…

Айлуу тундө ак барака арман айтып,

Чиймелеп бир нерсени жазгансыймын.

Жоголгон махабатым кайра кайтып,

Келчү жолду ыр менен кургансыймын.

 

Жаркырап чыккан күндүн нуру менен,

Күнүгө мен бетиңдең сүйүп кетем.

Өмүрүмдө көргөн күнүм буткүчөктү,

Эч унутпай, жүрөктө сүйүп өтөм…

 

Кычыраган кыш өтүп жаз келгенде,

Эң алгач жер бетине чыккан гүлдө.

Өчпөс менин махабатым деп билгинин,

Дайым жазда биринчи гүл көргөнүндө.

 

Билесиң, мен өзүмдү күнөөлбөйм.

Сүйүү үчүн мен алдыңда чөгөлөбөйм.

Тек гана сыртымдан күлүп койуп,

Жан дүйнөмдө махабаттын уусун ичем.

 

Сүйөт жүрөк, ээ бербей акылыма ,

Күйөт жүрөк, мойун сунуп жалгыздыка.

Мен жашоомдо армандуу өтсөм дагы,

Сен эми бактылуу бол махабатта…

Posted in Ырлар | Leave a comment