Бүгүн сенин туулган күнүң кыш айы,
Жаап жатат сен жактырган кар дагы.
Жалгыз өзүм басып жүрөм ойлонуп,
Ошол сезим жалган беле андагы…
———————————————–
Бүгүн сенин туулган күнүң он экиси,
Мүмкүн эмес махабаттын эскириши.
Кайрадан жан дүйнөмдү сезим каптап,
Ойлорумда тост айтамын сага арнап.
———————————————–
Бүгүн сенин туулган күнүң январь,
Жээкте отурам, айланамда аппапак кар.
Акыл ойдун алы жеткис жүрөгүмдө,
Сага арнаган “сүйүү” деген белегим бар.
————————————————-
Эрте ойгондум эмнеге күндөгүдөн?
Негедир бүгүнкү күн бир башкача.
Салам айтам ар бир кардын бүртүгүнөн,
Шамал менен учүп барчу сен тарапка.
————————————————-
Мен ойлосом сен дагы ойлоп балким,
Тургандырсың терезеде кышты карап,
Узатып көз менен жааган карды.
Сен дагы жүрөсүңбү мени самап?
————————————————
Мейли эми мени таштап алыс кетсең,
Жашайт сүйүү жүрөктө сага деген.
Ар жылы январдын он экисин.
Мына ушул бүгүнкүдөй сени эстейм…